Жыл сайын өтүүчү 30 күндүк манас айтуу иш-чарасы быйыл да уланууда

Бишкек шаарында жыл сайын өтүүчү 30 күндүк манас айтуу иш-чарасы быйыл да уланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.

"Бул иш-чараны 7 жылдан бери Кубан Тезекбаев деген жигит өткөрүп келет. Ага залкар манасчылардан тарта жаш манасчылар, манаска жаңыдан кызыгып, айта баштагандар катышат. Негизи "Манас" айтып, манасчы болуу оңой эмес. Ал үчүн бир топ тажрыйба керек. Мындай мүмкүнчүлүк жыл сайын күн кыскарып, түн узарган мезгилде башталат. Быйыл да ошол салтты бузбай, 30 күндүк манас айтууну 22-декабрга чейин өткөрөлү деп чечтик", - дейт Сыдыков.

Эске салсак, буга чейин 7 күн, 7 түн манас айтуу иш-чарасы болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан