Бишкекте "Кыргыздын салттуу кийимдери" деген аталыштагы флешмоб өтөт

Бишкекте "Кыргыздын салттуу кийимдери" деген аталыштагы флешмоб өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Миң кыял" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев билдирди.

"Биз кыргыздын салттуу кийимдерин, музыкасын жана каада-салттарын дүйнө элине даңазалап, кенен жайылтууну көздөйбүз. Мындан улам быйыл биринчи жолу ири масштабдуу флешмоб өткөрүү алдында турабыз. Тактап айтканда, 1-декабрь күнү борбордогу соода түйүндөрдүн биринен жалаң гана улуттук кийимдерди кийген уул-кыздарыбыз, ата-апаларыбызды көрө аласыздар. Алар салттуу кийимдерди күнүмдүк жашоодо деле кийип жүрүүгө боло турганын дагы бир ирет айгинелешет. Андан сырткары бардык каалоочулар калпак, элечек сыяктуу өздөрүндө бар улуттук кийимдерин кийип келип, флешмобго кошулушса болот. Кечени улуттук аспаптарда кол ойноткон жаштар коштоп турушат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurmat92
2017-11-24 09:08:54
Ээң соонун жаңылык экен мага жакты
+1
Nurmat92
2017-11-24 09:11:20
Памирден келген кыргыз туугандарыбыз да келип катышса жакшы болмок алардын кийми да биздикинен бираз айырмаланып туратго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан