"Орусиялык поп-ырчы Нюша өзүнүн күйөрмандарын таң калтырды. Ал америкалык актриса Селена Гоместей көрүнүүнү каалагандыгын жашырган жок" деп жазышат орусиялык басылмалар Нюша тууралуу.
Маалыматта жазылгандай, ырчы өзүнүн жеке баракчасына жаңы чач жасалгасы менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ал сүрөттө Нюша чачын сары түскө боёп, кыска кылып кырктырып салган. Ырчы жүктөгөн сүрөтүнүн алдына "Селене Гоместин артынан" деп жазган.
Сахнада он жылдан ашуун күйөрмандары үчүн узун чачы менен калыптанып калган 27 жаштагы ырчынын бул кадамын көптөгөн күйөрмандары сынга алышкан. Алар Нюшанын узун чачы өзүнө жакшы жараша тургандыгын билдиришкен. Ал эми айрымдары бул жасалма чач экенин айтышып, күйөрмандарын мындай тамашага салганы туура эмес экенин билдиришкен.
Буга чейин 20-ноябрда Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн "American Music Awards-2017" сыйлыгын тапшыруу аземинде ырчы Селена Гомес жаңы чач жасалгасы менен чыгып көпчүлүктү таң калтырганы тууралуу маалымдалган.