Алмазбек Атамбаев: "Айрым убадаларым ишке ашпады. Ал үчүн кечирим сурайм"

Бүгүн, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өтүп жатат.

Алмазбек Атамбаев 6 жыл ичинде айрым убадаларын ишке ашыра албаганын айтты. "Эгер үмүтүңөрдү актай албасам, кечирим сурайм. Мен акыркы 2-3 жыл гана тынч иштей алдым. Эл алдында, Кудай алдында таза иштөөгө аракет кылдык. Кыргыз элинин келечеги үчүн кам санабайм. Кыргыз өлкөсү эч качан эми артка кайтпайт. Жаңы президент Сооронбай Шарипович таза жана адилеттүү иштейт деп толук ишенем", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан