Бүгүн, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өтүп жатат.
Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго өзүнүн батасын берди. "Жараткан Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктан сакта, душмандын залаасынан сакта, дос көрүнүп кас болгондордон сакта! Соке досум, береке жаныңдан кетпесин, жолуң шыдыр болсун. Жараткан ар дайым сени колдосун. Аман бол, бактылуу бол, Соке досум. Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум", - деди ал.