Бүгүн, 24-ноябрда президенттик кызматка киришүү аземинде Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевге өлкөбүздөгү даражасы эң жогорку сыйлык болгон “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин берүүнү убадалады. Ал "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасына ээ болгон жарандарга тапшырылат. Бул белги кайсы жетишкендиктер үчүн жана буга чейин кимдерге берилген?
“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык эрдик жасагандыгы үчүн ыйгарылат. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылат.
1996-жылы негизделген бул наам ушул убакытка чейин 23 адамга берилген. Алар:
Жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов. Жарлык 1997-жылы 4-февралда чыккан.
Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков. Жарлык 1997-жылы 4-февралда чыккан.
Скульптор Тургунбай Садыков. Жарлык 1997-жылы 4-февралда чыккан.
Учкуч-космонавт Салижан Шарипов. Жарлык 1998-жылы 3-февралда чыккан.
Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев. Жарлык 1999-жылы 14-октябрда чыккан.
Кино жана театр артисти Сабира Күмүшалиева. Жарлык 2000-жылы 22-августта чыккан.
«Нарынгидроэнергострой» ишканасынын болот жана темир-бетон конструкциялар боюнча устасы Курманбек Арыков. Жарлык 2002-жылы 22-августта чыккан.
«Нарынгидроэнергострой» ишканасынын куруучуларынын бригадири Акбаралы Кабаев. Жарлык 2002-жылы 22-августта чыккан.
Композитор Асанхан Жумакматов. Жарлык 2003-жылы 26-январда чыккан.
Хирург жана коомдук ишмер Мамбет Мамакеев. Жарлык 2004-жылы 24-ноябрда чыккан.
Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиев. Жарлык 2005-жылы 25-июнда чыккан (каза болгондон кийин).
Акын Сүйүнбай Эралиев. Жарлык 2006-жылы 31-октябрда чыккан.
Акын Сооронбай Жусуев. Жарлык 2007-жылы 16-февралда чыккан.
Жазуучу Төлөгөн Касымбеков. Жарлык 2007-жылы 16-февралда чыккан.
Хирург жана коомдук ишмер Эрнст Акрамов. Жарлык 2009-жылы 20-ноябрда чыккан.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова. Жарлык 2010-жылы 18-сентябрда чыккан.
Кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев. Жарлык 2010-жылы 27-октябрда чыккан (каза болгондон кийин).
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков. Жарлык 2010-жылы 29-декабрда чыккан (каза болгондон кийин).
2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов. Жарлык 2011-жылы 28-августта чыккан.
Нейрохирург Муталип Мамытов. Жарлык 2011-жылы 28-августта чыккан.
Драматург Бексултан Жакиев. Жарлык 2011-жылы 28-августта чыккан.
Дыйкан, мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштанбек Акматов. Жарлык 2013-жылы 12-мартта чыккан.
Манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жусуп Мамай. Жарлык 2014-жылы 30-майда чыккан.