Бүгүн, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө болуп өттү. Салтанатка жаңы президенттин жубайы Айгүл Токоева да катышты. Ал коноктордун катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын жанында отурду. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шарипова жолдошу менен экинчи катардан орун алган. Анын жолдошу Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиев экени маалым.
Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсү тууралуу маалыматтын коомчулукка белгилүү болгону аз.