Жалал-Абад шаарында 18 жаштагы жигит 22 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип кармалды. Маркумдун жансыз денеси шаар ичиндеги үйлөрдүн биринин короосунан табылган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-ноябрда Жалал-Абад ОИИБи тарабынан рейд жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 18 жаштагы Ю.Ю. аттуу Жалал-Абад шаарынын Загорная көчөсүнүн тургуну өзү жашаган үйдө 22 жаштагы кызды өлтүрүп ошол эле короого көмүп койгонун айтып берип, сөөк казып алынды.
"Шектүүнүн көрсөтмөсүнө таянсак, октябрь айынын орто ченинде 18 жаштагы Ю.Юну 22 жаштагы Пери аттуу тааныш кызы түнкү саат 01:00дөр чамасында үйүнө издеп келип, андан опузалоо жолу менен 8 миң сом акча талап кылып, болбосо анын үстүнөн зордуктады деп милицияга арыз менен кайрыларын айткан. Ортодо пикир келишпестик орун алып, Ю.Ю. таанышын колу менен муунтуп өлтүрүп, ошол короого көмүп койгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Мындан сырткары учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти. Шектүү окуя болгон күнү үйүндө жалгыз болгон. Анын аялы жаңы төрөгөндүктөн төркүнүнө кеткен маалда кылмыш иши жасалган. Короого маркумдун денесин жашырган соң шектүү анын үстүн араба менен шагыл ташып келип жаап койгон.