ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: Баласынын атын Кавээн койгусу келген КВНдин атасы Александр Масляков 76 жашка чыкты

Советтик жана орусиялык телеалпаруучу КВНдин атасы аталган Александр Масляков бүгүн, 24-ноябрда 76 жашка толду.
Орусиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Орусия телеберүү академиясынын академиги, ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн белгилүү Шайырлар жана тапкычтар клубу (КВН) телеберүүсүнүн туруктуу алпаруучусу жана жетекчиси. Ал аталган телекөрсөтүүнү 1986-жылдан тартып алып бара баштаган. Масляковдун жеке жашоосу дагы Шайырлар жана тапкычтар клубу менен тыгыз байланышта. Себеби анын жубайы - аталган клубдун режиссёру Светлана Смирнова. 1980-жылы экөөнүн ортосунда Александр аттуу уулу төрөлгөн. Ал дагы ата-энесинин жолун жолдоп, "Планета КВН", "Оюн сыртында", "Премьер-лига КВН" программаларынын алпаруучусу болгон.

Александр Масляков жөнүндө кызыктуу фактылар:

Масляков эч качан КВНде ойногон эмес

Масляков эч качан КВНде ойногон эмес. Ал жогорку окуу жайдын төртүнчү курсунда окуп жаткан мезгилинде ага КВНдин алып баруучусу болуп иштөө сунушу түшкөн. Өзү ойнобосо дагы эл алдына таанылгысы келген жаш жигит дароо макулдугун берген.

Астероиддердин бирине Масляковдун аты ыйгарылган

Крым Астрофизикалык Обсерваториясы тарабынан ачылган астероидге "5245 Maslyakov" аты ыйгарылган.

Спирт ичимдиктерин ичпейт

Масляков берген интервьюларында спирт ичимдиктерин ичпесин көп айтат. Бирок буга карабастан КВН оюнчулары дайыма бул тууралуу өз тамашаларын тартуулап келишет.


Александр Масляков жубайы менен

"Эмне? Кайда? Качан?" берүүсүнүн биринчи алып баруучусу

Белгилүү болгон "Эмне? Кайда? Качан?" телеберүүсүнүн түптөлүшүнө Масляков өз салымын кошкон. Ал бул берүү экранга жаңыдан чыгып баштаган маалда бир көрсөтүүсүн алып барып калган.

Баласы Александрдын атын Кавээн койгусу келген

Жаңыдан элге таанылып келе жаткан Масляков учурунда кайсы бир гезитке, уулдуу болгондо атын Кавээн койгусу келгенин айткан. Бирок бул сунушка анын жубайы өз макулдугун бербей койгон.

Александр Масляков Орусиянын Свердловск же азыркы Екатеринбург шаарында туулган.

Александр Масляков баласы менен

24-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан