Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
"Кыргыз өлкөбүздө жаңы президент ишке киришти. Бийлик өз ыктыяры менен алмашты. Өлкөбүздө туруктуулук сакталды. Элимди дал ушул эң баалуу жетишкендигибиз менен куттуктагым келет. Аны менен бирге өзүмдүн атымдан элибиздин үмүт-тилектерин айткым келет. Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз чоң миссияны колуңузга алдыңыз. Алмазбек Шаршенович түптөгөн тынчтык менен туруктуулук жолун улантуу, элибизди өнүгүү жолуна багыттоо, өлкөбүздөгү демократиялык жана укуктук башаттарды күчтөнтүү эми сиздин колуңузда. Кыргыз мамлекетибиз менен элибиздин биримдиги жана бүтүндүгү - эң бийик баалуулук, андыктан ниеттерибиздин окшош экендигине ишенем. Сизди президенттик кызматка расмий киришүүңүз менен куттуктайм. Таза, акыйкаттуу, жарандарыбыздын эрки менен тандоосун алга сүрөгөн башкаруучу элибиздин ишенимине, колдоосуна сөзсүз ээ болот. Өлкөбүз мыйзамдын үстөмдүгүн толук орнотуп, олуттуу реформалар аркылуу өнүгүүгө жетишүү менен аймакта гана эмес, дүйнөдөгү үлгүлүү мамлекет болот деп ишенем", - деп жазылат куттуктоодо.
Эске салсак, 15-октябрда Бабанов президенттик шайлоого ат салышып, Сооронбай Жээнбеков - 54,22 пайыз, Өмүрбек Бабанов - 33,83 пайыз добуш алган. 4-ноябрда Башкы прокуратура Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.