Буга чейин токтотулуп калган Кыргыз-Мьянма беттешин 2018-жылы өткөрүүгө уруксат берилди

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында өтмөкчү болуп, бирок токтотулуп калган Кыргыз-Мьянма беттеши 2018-жылдын 22-мартында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Футбол боюнча Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында өтүүчү Кыргыз-Мьянма беттеши 2018-жылы өткөрүлмөкчү. АФК бул оюнду Кыргыз өлкөсүнүн жеңилүүсү катары санап койбошу үчүн биздин федерация бүткүл аракетин жумшады. Кыргыз-Мьянма беттешин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү чечими Японияда өткөн АФКнын конгрессинде кабыл алынды. Азырынча беттеш кайсы өлкөдө өткөрүлөрү тактала элек", - деп билдиришти федерациядан.

Эскерте кетсек, 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында, ушул жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында өтмөкчү болгон Кыргыз-Мьянма беттеши токтотулуп калган. Буга ошол учурда Мьянмада орун алып жаткан мусулман-рохинджаларга байланыштуу кырдаал себеп болгон. Бул өткөрүлбөй калган беттешке жооптук оюн катары Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Мьянма-Кыргыз беттеши 10-октябрда Мьянманын Янгон шаарында өтүп, 2:2 тең эсебинде аяктаган.

Кыргыз өлкөсүнүн рейтинги учурда

Маалымдай кетсек, тандап алуу этабынын жыйынтыгында ар бир тайпадан 1-2-орунду ээлеген командалар кийинки этапка өтөт. Финалдык этапта жалпы 24 команда ойнойт, учурда 20 команда кийинки этапка өтүүгө алдын ала жолдомо камсыз кылган. Алардын ичинде БАЭ (мелдештин ээси), Таиланд, Сауд Арабиясы, Австралия, Иран, Ирак, Сирия, Оман, Индия, Бахрейн, Вьетнам, Иордания, Катар, Түштүк Корея, Өзбекстан, Кытай, Түркмөнстан, Ливан, Япония жана Палестина курама командалары.

Калган 4 жолдомо үчүн 7 курама команда күрөшүүдө. Алар Кыргыз өлкөсү, Мьянма, Түндүк Корея, Филиппин, Йемен, Гонконг жана Тажикстан курама командалары.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Isco23
2017-11-24 17:47:16
Ушул жанылыкты кутуп жургон элем,молодец АФК
+2
Bakulya97
2017-11-24 18:01:31
Мянма себепчи болсо емне учун Кыргызстандын женилуусу болуш керек?
0
Isco23
2017-11-24 18:12:31
Bakulya97,бул озу боло турган матчга Сапаш отказ деп койгон ошого нейтральный поля же поражения болушу мумкун эле
-1
murat17
2017-11-24 18:15:45
алга кыргызстан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан