Депутат: "Биринчи вице-премьерлик кызматына Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин фракцияда карайбыз деп ойлойм"

"Биринчи вице-премьер-министрлик кызматына "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин фракцияда карайбыз деп ойлойм", - деп бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Улугбек Ормонов билдирди.

Ормонов билдиргендей, биринчи вице-премьер-министрлик кызматы бош болгондуктан Жогорку Кеңештин ар бир фракцияларынан талапкер сунушталат. "Биздин фракциядан Аскарбек Алимбаевичтин талапкерлигинин сунушталышы эң туура деп ойлойм. Тажрыйбасы, билими, кызматты билген жагынан Аскарбек Алимбаевичке калган фракциялардан тең келе турган киши жок болуш керек", - деди Ормонов.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Толкунбек Абдыгулов аркалап келген. Абдыгулов 23-ноябрда вице-премьер-министр болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан