Кыргыз өлкөсүнөн эл аралык "Азия сулуусу-2017" сулуулук сынагына катышкан модель Айжамал Осмонова алдынкы 6 сулуунун катарына кирди. Осмонованын билдирүүсүнө ылайык, Кыргыз өлкөсү бул сынакка быйыл биринчи ирет катышты. Аталган сынактын негизги өзгөчөлүгү - башка сулуулук сынактарындай болуп катышуучуларды жарым жылаңач, бикиничен чыгарбайт.
"Азия сулуусу-2017" 15-ноябрдан баштап 22-ноябрга чейин улантылып, ага 20 мамлекеттен келген бийкечтер катышкан. Алдынкы 6 бийкечтин катарына кирген Айжамал Осмоновага уюштуруучулар жана калыстар тарабынан "Miss Вeautiful Skin" наамы тапшырылган. Кытайдан келген 25 жаштагы Тиан Ми "Азия сулуусу-2017" наамына ээ болсо, вице-мисс наамы филиппиндик Аделина Эскотого берилди. Ал эми 3-орунду индиялык сулуу Аканша Мишра жеңип алган.
Эл аралык "Азия сулуусу-2017" сынагы жыл сайын Индияда өткөрүлүп келет. Ага көбүнчө Азия мамлекеттери катышат.