Синайдын бардык ооруканаларында жана госпиталдарында чукул кырдаал жарыяланды. Ал эми күч түзүмдөрү жана полиция аймактарды тинтүүгө алууда. Кырдаалдан улам Египет президенти Абдель Фаттах ас-Сиси чукул жыйынга өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчиликтерин чакырды. Ички иштер министрлиги терактты иликтөө үчүн комиссия түздү. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук маанилүү жайларды күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алуу тапшырмалары берилди. Алардын катарында чиркөөлөр жана мечиттер да бар. Президенттин буйругу менен алдынкы 3 күн каза болгондордун урматына аза күтүү күнү деп жарыяланды. Египеттеги экстремисттик топтордун бири дагы аталган терактты өз моюнуна алган жок.