Ат-Башыга 3000 жумуш орду түзүлө турган соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 гектар жер бөлүндү

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылдык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 гектар жер бөлүнгөн. Өкмөттүк аппараттын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришкендей, тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Индустриалдык-соода-логистикалык борборун түзүүнүн негизги максаттары болуп өнөр жай, кайра иштетүү жана агроазык-түлүк секторун жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны, айыл чарба жана өнөр жай товарларын экспорттоону жогорулатуу аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана жергиликтүү калктын бакубаттуулугун жогорулатуу саналат.

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун «Нарын» эркин экономикалык аймагындагы индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу долбоорун ишке ашыруу кичи жана орто бизнес ишканаларын өнүктүрүүгө жана 3000 жаңы жумушчу орунду түзүүгө багытталат. Индустриалдык-соода-логистикалык борборун курууга инвесторлор тартылат.

Индустриалдык-соода-логистикалык борбору төмөнкү зоналардан турат: соода, логистикалык жана индустриалдык.

Белгилей кетсек, ташуулар чынжырчасын башкаруу тутумунун зарыл курамы катары логистикалык борбордун түзүлүшү тышкы экономикалык байланыштарды жана экономикалык өсүүнү камсыздоо үчүн маанилүү фактор болуп саналат. Көптөгөн дүйнө өлкөлөрүнөн айырмаланып, учурда аталган экономикалык ишмердүүлүктүн түрү Кыргыз Республикасында дээрлик жокко эсе.

"Борбордун Нарын облусунда жайгашуусу аймактын ыңгайлуу географиялык орду менен шартталган, ал ТРАСЕКА өлкөлөрүнүн (Европа биримдиги жана «Европа – Кавказ – Азия» транспорттук коридорун уюштуруу боюнча шериктеш өлкөлөр ортосундагы эл аралык кызматташтык программасы) магистралдарын бириктирген Бишкек–Нарын–Торугарт–Кашгар эл аралык автомагистралынын жана Кытай, Индия, Пакистан аркылуу Пакистан, Индия, Ирандын деңиз портторуна алып баруучу трассанын кесилишинде жайгашкан. Бул Кытай, Индия, Пакистан, Иран, Түркмөнстандын жана башка деңиз жолдору бар өлкөлөрдүн тышкы рыногуна карай жеткиликтүүлүктү камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kechirmeni
2017-11-25 09:38:43
Ушундай ички дун продукцияны жумуш менен камсыз кылууну кобойтуш керек
+8
maks94.kb
2017-11-25 09:45:09
Эң сонун иш жүзүнө ашыруу керек ошондо миграция азайып өз үйүндө үй-бүлөсү менен бирге жашашмак
+11
Jazdyn_tany
2017-11-25 10:09:23
Огоо кандай жакшы! Туулган жерим Ат Башыга эле кетип калсамбы, жумуш бар болсо...)))
+8
toktor89
2017-11-25 10:32:32
Мына сага башталды.
Соз жузундо жагымдуу бирок иш жузуно келгенде эч нерсе болбой калса расса жаман да
-4
Jazdyn_tany
2017-11-25 17:08:52
toktor89,пейилиңди оңдоп, " жакшы болот" десең, баары жакшы болот!
+2
grace
2017-11-25 10:39:11
Кут болсун Нарындык туугандар! Иш жүзүнө ашып өсүп-өнүккүлө!
+8
Ak_Bulut
2017-11-25 17:11:26
Түшүнбөдүм эмне курулат. (Кайдагы Иран,Индия кайдагы деңиз) Иши кылса терминалго Бак берсин Дордой базарынан ашсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан