Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин кызына кол салуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 12-кичи районунда саат 20:30 чамасында орун алды. "17 жаштагы кыз үйүнө жакындап калганда белгисиз адамдар ага кол салышты. Кыз аларга каршылык көрсөткөндө, алар анын бутуна эки жолу бычак менен сайып, баштыгын тартып алып качып кетишти. Учурда кылмышкерлер изделүүдө. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - дешти милициядан.
Айта кетсек, Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат.