Америкада 25 уйду жүктөп бара жаткан унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып оодарылып кетти

Америкада 25 уйду жүктөп бара жаткан унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып оодарылып кетти. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, жол кырсыгы айдоочунун күнөөсүнөн улам орун алган.

Ал унааны жогорку ылдамдыкта айдап бара жатып башкарууну жоготкон. Анын кесепетинен көпүрөгө жеткенде оодарылып кетип, ичинде жүктөлгөн 25 бодо мал көпүрөдөн жердеги унаа жолго кулаган. Малдын айрымдары ошол жерде эле өлүп калган. Тирүү калгандары туш тарапка качып жөнөгөн. Мындан тышкары бул абал унаа жолдогу бир нече машинанын кагылышуусуна алып келген. Бирок унаадагы айдоочу, жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Жүк ташуучу унаанын айдоочусуна унааны жогорку ылдамдыкта айдаган деген айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks94.kb
2017-11-25 09:41:18
Каап жаман болуптур байкуш уйлар
+9
madina.87
2017-11-25 10:04:57
Элдер уй олсо да интернетке чыгарышат.Бизде адамдар кырылып калды аттин!!!
-4
kechirmeni
2017-11-25 10:40:12
Башкаларда укуктар корголот (адамдыкы да жаныбардыкы да), бизде тескерисинче тебеленет кимдики болсо да
+4
nursultanbek
2017-11-25 14:28:29
бизде болсо эгер бул гаи ге бир уй бермек да жолун уламак!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан