Президенттин төш белгисин тагынган, интернетте талкуу жаратып жаткан кызматкерлердин сүрөтү Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземине даярдык көрүү учурунда тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда SUPER.KG порталына президенттик аппараттан билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин төш белгиси муляж болчу. Төш белгини тагынган Мар Топоев 2011-жылдан бери президенттик аппараттын тышкы саясаты бөлүмүнүн протокол секторунун жетекчиси болуп иштеп келет.
Эске салсак, президенттин төш белгисин тагынган сүрөт маалымат каражаттарына кечээ, 24-ноябрда жарыяланган. Интернет колдонуучулар "cүрөттөгү эки адам Атамбаев менен Жээнбековду туурап жатышат. Мамлекеттик символдорду сыйлабастык. Ал төш белгиде желек жана герб түшүрүлгөн" деп талкуулап жатышат.
Мар Топоев социалдык түйүндөгү баракчасына аземге даярдык көрүү учурунда тартылган видеону жарыялады.