Криштиану Роналдунун сүйлөшкөн кызы Жоржина Родригес төрөттөн кийин кантип калыпка келүү тууралуу сырлары менен бөлүштү. Бул маалыматты ал өзүнүн интернеттеги социалдык баракчасына жайгаштырган.
Төрөгөнүнө 2 эле жума болгон Жоржина машыгууларын улантты. Ал өзүнүн күйөрмандарына кандай көнүгүүлөрдү жасаарын жана төрөттөн кийин кантип калыпка келсе болорун көрсөтүп берген. Жарыялаган видеонун алдына "мен гимнастиканы жакшы көрөм" деп билдирүү калтырган.
Ошондой эле Родригес жигитинин фитнес борборлорун жарнамалай кеткен. Криштиану спортто жана жеке жашоосунда гана ийгиликке жетишпестен, бизнес чөйрөсүндө дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырууда.
Ал жакынкы арада эле өзүнүн CR7 мырзалар үчүн арналган ич кийимдер коллекциясын элге тартуулады.