Күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн эки Кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат

Бүгүн, 25-ноябрда Польшанын Быдгощ шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандары Ислам Кенешов жана Жайнак Тургунбаев килем үстүнө чыгып, алдынкы орундарды ээлегенге аракет жасашат.

Бүгүн Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 57, 61, 86 жана 125 килограммга чейинки салмак чениндеги беттештер орун алат. Анда 57 килограммга чейинки салмак ченинде Ислам Кенешов жана 61 килограммга чейинки салмак ченинде Жайнак Тургунбаев катышат.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

Ислам Кенешов - Даниэль Попов (Израиль);

Жайнак Тургунбаев - Жазар Амбарцумиан (Армения).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
cfif03748
2017-11-25 13:57:27
Ийгилик!биздин балбандарга.
0
Tariel_tt
2017-11-26 11:58:45
Тыптынч го. Жыйынтыгы кандай болду экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан