Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү тоонун чокусун каптаган өрттүн аянты 40 гектарга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатат. Бүгүн өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана токойчулар болуп баш аягы 50гө чукул адам тартылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, 23-ноябрда саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн "Тёплые Ключи" эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында тоонун чокусундагы куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт каптаган аянт 15 гектарга чукул экенин билдиришкен.
Эртеси, 24-ноябрь күнү кечинде тилсиз жоо каптаган аянт 25 гектарга жеткенин, кеч кирип кеткенине байланыштуу саат 17:40та ӨКМнын кызматкерлери өчүрүү иштерин убактылуу токтотушканын кабарлашкан.