Бүгүн, 25-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин 9 айы үчүн ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин директору Шухрат Сабиров өлкөдөгү негизги азык-түлүктөргө, жашылча-жемиштерге, көмүргө, цементке жана күйүүчү майга карата чекене баалардын мониторинги боюнча иштин жыйынтыгы тууралуу отчёт берди.
Сапар Исаков жалпы республика боюнча социалдык маанилүү товарларга болгон баанын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өкмөт башчы агенттик өлкөдө күйүүчү май жана көмүргө карата баанын негизсиз кымбатташына жол бербөөгө өзгөчө көңүл буруусу керектигин билдирди. Исаков көмүр сатуу түйүндөрүндө сатуучулар арасында бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күн сайын көмүргө жана күйүүчү майга карата бааны көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.