Күн сайын өнүгүүнүн үстүндө иш-аракеттерди жүргүзүп келе жаткан өлкөнүн келечектүү "Эйр Манас" авиакомпаниясы жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу кабарды жарыялайт. Тактап айтканда, аталган авиакомпания Бишкек-Ташкент-Бишкек жаңы каттамын ишке киргизет.
"Эйр Манас" авиакомпаниясынын Бишкек-Ташкент аба каттамы биринчи жолу ушул жылдын 23-декабрында ишке ашырылат. Ал күнү бул каттамдагы учактан туристтер, жеке ишкерлер, туугандарына бара жаткан жүргүнчүлөр, айтор каалаган жүргүнчү орун алса болот.
Аталган авиакомпания лоу-кост бизнес үлгүсүндө иш алып барат. Буга байланыштуу каттамдардын баасы башка авиакомпаниялардын билеттерине салыштырмалуу бир топ арзан. Лоу-кост бизнес үлгүсүндөгү билеттерде тамак-аш, артыкча жүк алуу жана башка кызматтар кошумча акы төлөө менен жүргүзүлөт. Мындай ыкма сиз өзүңүздүн капчыгыңызды муктаждыгыңызга жараша башкарууга шарт түзөт.
"Эйр Манас" авикомпаниясынын Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамы жумасына 2 жолу: шаршемби, ишемби күндөрү ишке ашырылат. Авиакомпания жаңы каттамды ачуунун алдында - Кыргыз-Өзбек элдеринин мамилесин чыңдоого салым кошууну, визасыз режимди, бажы жана чек ара көзөмөл өткөрүү бекеттериндеги маселелерди жоюуну максат кылган.
Авибилеттерди сиз www.airmanas.com сайты аркылуу буюртма берип же авиаагенттиктерден алсаңыз болот. "Эйр Манас" авиакомпаниясы билеттерди алдын ала камсыздоо менен сиз акчаңызды үнөмдөшүңүз мүмкүн экендигин эскертет.
"Кыргыз өлкөсүндө авиацияны биз баштаган эмеспиз, бирок биз авиакызматтарын жакшы жакка өзгөртөбүз!" деген ураан менен иш алып барган "Эйр Манас" авиакомпаниясы Боинг 737-400 жана Боинг 737-800 учактарын пайдаланат. Тажрыйбалуу учкучтар менен учактагы тейлөө кызматкерлери сиздин коопсуздугуңуз менен ыңгайлуулугуңузду башкы орунга коёт. Коңшу өлкөнү көрүп келүүнү пландап жаткан болсоңуз билет алууга чамдаңыз.
Төмөндө каттамдардын сааттары жергиликтүү убакыт менен көрсөтүлдү
ZM1029 FRU-TAS Бишкек-Ташкент 12:30 - 12:30
ZM1030 TAS-FRU Ташкент-Бишкек 14:00 - 16:05
"Эйр Манас" авиакомпаниясы аркылуу буга чейин Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Дели-Бишкек, Бишкек-Үрүмчү-Бишкек, Бишкек-Ош-Бишкек каттамдары жүргүзүлүп келген.
"Эйр Манас" ишканасындагы авиакаттамдар, билеттер, кызматтар тууралуу кызыктырган бардык суроолорго жоопту www.airmanas.com сайтына кирип алыңыз.