Бишкекте алгачкы жолу "MUSA 2017" мусулман фото-арт көргөзмөсү жана Кадыр Маликовдун китептеринин бет ачары болот

2-декабрда сиздерди эки масштабдуу иш-чара күтүп турат. Бул иш-чаралар мусулман жаштарынын көйгөйлөрүн көтөрүү жана алардын чыгармачыл потенциалын ачууга багытталган. Сиздер бул күнү «MUSA 2017 Muslim Social Artistry» алгачкы мусулман фото-арт көргөзмөсүнө жана белгилүү ислам окумуштуусу Кадыр ажы Маликовдун жаңы китептеринин бет ачарына күбө боло аласыздар. Аталган иш-чаралар «Umma» ислам журналы жана “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулуп, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтмөкчү.

Бет ачарга келгендер Кадыр Маликовго суроолорун берип, жаңы китептерди автордун кол тамгасы менен ала алышат.

“Мусулман жаштары: маанилүү жана пайдалуу баалуулуктар”, “Ислам жана мамлекет” китептери бүгүнкү күндөгү мусулман жаштарынын көйгөйлүү маселелерине, XXI кылымдын ааламдашуу шарттарында баалуулуктарга багыт алууларына арналган. Ошондой эле коомго диндин таасиринин өсүп жатканын эске алып, түрдүү секулярдык моделдер менен болгон карым-катышы сыяктуу маселелер каралган.

Бул 2 китеп тең жөнөкөй, түшүнүктүү тилде жазылып, окурмандардын кенен чөйрөсүнө сунушталат.

Бет ачардан кийинки сүрөт көргөзмөсү 3-декабрдан 5-декабрга чейин Ч.Айтматов жана Чүй (Филармония) кесилишинен орун алган жер алдындагы өтмөктө уланмакчы.

Сүрөт көргөзмөсүндө Кыргызстандын 3 президентинин расмий сүрөтчүсү Султан Досалиев, фотожурналисттер союзунун төрагасы Влад Ушаков, Red Jolbors жарнама фестивалында 2 жолборстун ээси Дастан Мираж, орусиялык фотограф, “Жоолук - бул кооздук” долбоорунун автору Эльмира Исраилова, таланттуу фотограф жана блоггер Марат Сайранбаев, “Умма” журналынын дизайнери жана архитектор Саид Бро сыяктуу жергиликтүү авторлордун эмгектери коюлат.

Баарыңыздарды 2-декабрда саат 10.00до А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада күтөбүз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baiana
2017-12-01 15:21:37
Жакшы саамалык экен.
+3
bekub1473kg
2017-12-01 18:34:46
Жакшы экен
+2
meni_kut
2017-12-01 19:34:48
Мыкты теолог.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан