ТЕСТ: Тыйындын формасы эмнеге тегерек? Эмне себептен кагаз акча колдонуу зарылчылыгы келип чыккан? Тесттен өтүңүз
"Адамдардын баарына бирдей жагыш үчүн акча болуш керек" деген сөз бар. Акчанын айынан өмүрлөр кыйылат, аны менен кереметтер жаралат, анын артында кыйроолор жасалса, кээде тескерисинче кайра жаралуулар орун алат. Айтор баарыбызды алдына салып айдап, эртең менен таттуу уйкудан ойготуп жумушка салган акча тууралуу кызыктарды бул жактан айтып беребиз. Тесттен өтүп акча-тыйын тууралуу билимиңизди сынап көрүңүз.