MegaCom: SIM-картаны калыбына келтирүү жана каттоо акысыз!

Заманбап SIM-карта манжанын учуна сыя тургандай өлчөмдө болгондуктан, аны оңой эле жоготуп алууга болот. SIM-карта сынып же кандайдыр бир себептер менен бөгөттөлүп калышы да мүмкүн. Бардык эле абоненттер мындай кырдаалга кабылса керек.

Алдынкы мобилдик оператор абоненттерине ыңгайлуу жана пайдалуу кызматтарды ар дайым сунуштап келет. Эми MegaCom SIM-карталарды акысыз калыбына келтирип, алмаштырып жана кайрадан каттоодон өткөрөт. Болгону Megacom'дун сатуу жана тейлөө борборлорунун же фирмалык салондорунун бирине кайрылуу жетиштүү.

Эгерде буга чейин компания менен тейлөө келишимин түзгөн болсоңуз, жаныңызда инсандыгыңызды тастыктаган документиңиз (номурду кайрадан каттоодо эки абоненттин жанында тең документтин болушу талап кылынат), SIM-картаңызды жана SIM-картаңыздын «көйнөкчөсү» болушу зарыл.

Ал эми абонент идентификациялоодон өтө элек болсо, сөзсүз өтүүсү талап кылынат. Каттоодон өтүүнүн жол-жобосу тууралуу толук маалыматты компаниянын тиешелүү адистери тарабынан жана расмий сайт аркылуу билсеңиз болот.

MegaCom ишенимдүү байланышы жана жогорку ылдамдыктагы 4G интернети менен ар дайым колдонуңуз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gute
2017-12-04 11:14:51
Мен Кыргызстандын операторлоруна сунуш киргизет элем. MNP - программасы аркылуу ошол эле номерин менен башка операторго отуп кетесин. Мисалы мен О!дон ушул эле номерим менен Мегакомго отуп кетсем болот. Ушул программаны ишке ашырсанар жакшы болмок эле. Мисалы коптогон олколордо ушул система колдонулат.
0
Syn4y
2017-12-04 12:42:22
gute,bul bizde dele bar, birok ofisine baryp aryz jazyw kerek
-4
Aidai05
2017-12-04 11:43:52
Мегакомго ээми жеттиби билайнда мен билгенден эле бекерго
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан