MegaPay – кызматтар үчүн акы төлөөнүн жаңы онлайн-сервиси!

MegaCom абоненттери өз смартфонунан электрондук капчыктын жардамы менен төлөмдөрдү жүргүзүү жана каражаттарды которуу ыңгайлуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. MegaPay жаңы сервиси кызматтардын көптөгөн түрлөрү үчүн төлөмдөрдү эң эле оңой жол менен жүргүзүүгө шарт түзөт.

MegaPay электрондук капчыгы – бул:

  • Каражаттарды коопсуз колдонуу;
  • 70тен ашуун кызматтар үчүн төлөмдөрдү телефонуңуздан ыкчам жүргүзүү;
  • Сервистин күнү-түнү иштөөсү.

MegaCom электрондук капчыгын баланс толуктоочу түйүндөрдүн биринен толуктап алып, андан соң аны төлөм жүргүзүүнүн негизги ыкмасы катары пайдаланууга болот. Сервис алдын ала төлөм системасы менен колдонгон бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү.

"Биздин абоненттерибиздин төлөм жүргүзүүнүн дагы бир ыңгайлуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. MegaPay – жөнөкөй жана жеткиликтүү сервис. Сиз каалаган учурда балансыңызды толуктап, анын эсебинен кызматтар үчүн акы төлөй аласыз. Жаңы тиркеме коопсуз жана сиздин уруксатыңызсыз ага жетки алуу мүмкүн эмес. Абонентке ыңгайлуу коммуникациялар үчүн – баарлашуу болобу, каржылык операциялар болобу зарыл болгон нерсе – бул смартфон", - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев.

Онлайн-сервистин интерфейси тажрыйбалуу колдонуучулардын да, жаңыдан үйрөнө баштагандардын да көңүлүнө төп келет. Кесипкөй адистердин күч-аракети менен MegaPay колдонууга абдан ыңгайлуу болуп иштелип чыккан. Тиркемеге кирүү үчүн, логин – 055Ахххххх форматындагы телефон номуру, кошууда жана каттоодон өтүүдө SMS аркылуу кабыл алынган 4 орундуу сандан турган сыр сөз гана талап кылынат.

Түзмөгүңүзгө Play Market'те жеткиликтүү болгон MegaPay тиркемесин орнотуп же болбосо расмий сайттагы сервистин веб-версиясы менен таанышып алып, ыңгайлуу төлөм шайманы менен колдоно бериңиз.

MegaPay – оңой төлө!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан