"Газпромнефть" май куюучу станциясынын оператору адам өмүрүн сактап калды

2017-жылдын 8-декабрь күнү саат 16:55 чамасында №106 "Газпромнефть" май куюучу жайынын (Жайыл району, Сосновка айылы) соода залында кардарлардын бири өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп жерге кулап түшкөн (болжол менен эпилепсия).

Ошол учурда май куюучу жайдын 3-разряддагы оператору Айбек Кадырбаев жабырлануучуга дароо биринчи жардам көрсөткөн: капталынан жаткызып, оозун ачып, дем алуучу жолдорду тазалап, "Тез жардам" келгиче дем алуучу жолдордун жабылып калышына жол берген эмес.

Аталган май куюучу жайдын жетекчиси Чыңгыз Мадиев кардарлардын арасынан дарыгер издесе, жетекчинин орун басары Салтанат Адылова "Тез жардам" чакырган. "Тез жардам" бригадасы 10-15 мүнөттүн ичинде келип жабырлануучуга жардам беришкен. Ал өзүнө келип ооруканага баруудан баш тартып, Ош облусуна карай жолун улаган.

"Газпром нефть Азия" ишкананын Өндүрүштүк, экологиялык коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Тимур Кыдыралиевдин айтымында, май куюучу жайлардын кызматкерлери ар жыл сайын дарыгерге чейинки биринчи жардам боюнча окуудан өтүп турушат.

"Биз жыйын сайын "Газпромнефть" май куюучу станцияларынын кызматкерлерин милдеттүү түрдө дарыгерге чейинки биринчи жардам боюнча окуудан өткөрүп турабыз. Биздин балдардын оор абалда адамдарга жардам берип, үйрөнгөн нерсесин колдонуп жатышканы кубандырат. "Газпром нефть Азия" ишканасы өндүрүштүк, экологиялык коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Алсак, 2015-жылы компания ошол багыттагы долбоорду ишке ашыруу үчүн 185 миллион сом короткон", - деди Тимур Кыдыралиев.


кошулду
"Газпромнефть" АЗСтин оператору адам өмүрүн сактап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Krai
2017-12-11 17:04:16
Азаматсын тууганым
Аллах ыраазы болсун
+14
aash
2017-12-11 21:54:36
Ай азамаат. Биринчи жардамды баарыбыз уйронуп алсак.
0
kyrgyz77777
2017-12-12 09:20:31
Kolun dart korbosun, azamatsin tuuganim.
0
12.12.12
2017-12-12 09:21:39
Ушундай эр журок, адам омуруно кайдыргер карабаган адамдар коп болсо.
0
amirrus
2017-12-12 09:29:37
Мен да коптон бери иштейм Газпромдо чындыгында уйроткон баардык операторлор билет.Азаматсыз коллега.Газпромго данк жана дунк!!!
+2
Alinur
2017-12-12 15:50:24
Азаматсыз чыныгы адамгерчик
0
Komrad
2017-12-12 16:05:37
Азамат оператор, биринчи жардамдын окуусун отуп турам мен да. Элдин арасынан дарыгер издеп, тез жардам чакыргандардын аттарын да жазып коюпсунар.)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан