Программисттердин командасы тарабынан жакында пайдалануучулардын өздөрүнүн жардамы менен user experience (UX, — бул пайдалануучунун тажрыйбасы) жакшыртылышынын негизинде «О!Деньги» тиркемесин колдонуу мурункудан да ыңгайлуураак болуп калды. Маанилүү жаңылануулардан төмөнкүлөрдү белгилесек болот:
Жалпысынан колдонуучулардын бир катар пикири менен сунуштары боюнча иш жүргүзүлүп, каалоолору майда баратына чейин иштелип чыкты. Бул багытта иштер улантылууда, ар бир пикир программисттер тарабынан тыкыр иликтенип, кийинки жакшыртууларга негиз болууда. Өз сунуш жана каалоолорун Google Play Market же AppStore тиркемелер дүкөнүндө калтырса болот.
«О!Деньги» каржылык кызматы жөнүндө эмнени билүү маанилүү?
«О!Деньги» – 2017-жылдын 28-сентябрында О! мобилдик операторунун абоненттерине алгачкылардан болуп жеткиликтүү болгон акысыз мобилдик тиркеме болуп саналат. Сутканын каалаган мезгилинде бир эки кликтин жардамы менен коммуналдык төлөм болобу, үй интернети же ТВ болобу, башка түрдүү кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүн. Тиркеме жөнөкөйлүгү менен айырмаланат, анткени балансты көнүмүш болгон фирмалык О! терминалдарынан, промоутерлерден, сатуу жана тейлөө кеңселеринен комиссиясыз толтурса болот. Каалаган дүкөн жана дүкөнчөлөрдөн да толтуруу жеткиликтүү. Ошондой эле каалаган банктын картасын да туташтырып койсо абдан ыңгайлуу, анда эсепти толтуруу жөнүндө унутуп койсо деле болот. Тиркеме ишенимдүү түрдө сиздин жеке шарт белгиңиз жана уникалдуу бармак изиңиз менен корголгон. Банктык карталар менен жүргүзүлгөн операциялардын коопсуздугуна Visa жана MasterCard коопсуздук токтомдору жооптуу. Жөнөкөй. Тез. Ишенимдүү.
БОНУС - 1 ГБ! Тиркемени азыр жүктөп жана каалаган кызмат үчүн алгачкы төлөм жүргүзсөңүз, О! түйүнүнүн ичинде бир айга 1 ГБ интернет-трафик белекке аласыз.
«О!Деньги» – баарына өз балансыңдан* төлө!
*баланс – пайдалануучунун электрондук капчыгынын эсеби.