MegaPay сервиси смартфонуңузга орнотулган электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүп, каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Эми сиз каалаган учурда кызматтар үчүн акы төлөй аласыз жана төлөм терминалдарын издеп убара болбойсуз.
Тиркеме MegaCom мобилдик операторунун алдын ала төлөм системасында тейленген бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү.
MegaPay электрондук капчыгы – бул:
Онлайн-сервистин интерфейси тажрыйбалуу колдонуучуларга да, жаңыдан үйрөнө баштагандарга да жагат. Кесипкөй адистердин аракети менен MegaPay колдонууга абдан ыңгайлуу болуп иштелип чыккан. Тиркемеге кирүү үчүн: логин – 055Ахххххх форматындагы телефон номуру, кошууда жана каттоодон өтүүдө SMS аркылуу кабыл алынган 4 орундуу сандан турган сыр сөз гана талап кылынат.
Android же iOS базасындагы түзмөгүңүзгө AppStore жана Google PlayMarket'те жеткиликтүү болгон MegaPay тиркемесин орнотуп алып же болбосо сервистин расмий сайттагы веб-версиясы менен таанышыңыз да, ыңгайлуу төлөм шайманы менен колдоно бериңиз.
MegaPay – оңой төлө!