"Германия сулуусу" оору жугузуп, боюнан алдырууга мажбурлаган бизнесменди сотко берүүгө камынууда

"Германия сулуусу-2012" сынагынын жеңүүчүсү 31 жаштагы Элин Мари Массел манхэттендик бизнесмен, "Autonomy Capital" ишканасынын башкы директору Роберт Чарльз Гиббинсти ВИЧ инфекциясын жугузганы жана боюндагы наристесин алдырууга мажбурлаганы үчүн сотко берүүгө камынууда. Бул тууралуу ал өзү чет элдик басылмаларга билдирген.

Маалым болгондой, экөө 2014-жылы таанышкан. Ошондон бери жылуу мамиледе жүрүп, бизнесмен сүйүктүүсүнө ар кандай баалуу белектерди алып берип турган. Анын ордуна бир гана нерсени талап кылган: эч кандай сактануусуз кошулуу.

"Биринчи жолу кошулгандан кийин эле ВИЧ илдетин жугузуп алганымды билдим. Ал мага ооруй турганын айткан эмес. Бирок ага карабастан мамилебизди уланта бердик. Анткени ал менин Манхэттендеги жашоомду камсыздап турчу. Арадан көп өтпөй боюма бүттү. Муну уккан Роберт эгер боюмдан алдырбасам мени да, баламды да карабай турганын айтты. Айла жок аборт жасатууга мажбур болдум", - деген ал.

Ошондой эле соңку учурда бизнесмен аны менен сүйлөшүүдөн качып, өзүнүн жубайы менен ажырашпай турганын билдирген. Мындан улам Элин Мари аны сотко берип, 15 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат өндүрүп алууну пландап жатканын айткан.

"Мен анын үй-бүлөсү, балдары бар экенин билчүмүн. Бирок ал мага жубайы менен ажырашып, мени аларын айткан. Эми минтип оору жугузганым аз келгенсип, боюмдан алдырганга да аргасыз болдум. Мен аны сотко берем", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
gute
2017-12-19 11:38:30
Кулуктун тери кургабайт, сулуунун .... кургабайт дейт илгертен.
Озун куноолусун. Акчасына байлыгына карап эле бардында уй-булоолу адамга.
+16
deva
2017-12-19 17:57:30
gute,сенин комментинди окуса, куноосун сезет чыгар эми))
+6
kechirmeni
2017-12-19 11:57:52
ким зынаа кылса бир балээни куто берсин деген соз бар. Зынаа жаман туугандар, абайлайлы
+14
Tolkun555
2017-12-19 13:45:38
Рас болуптур
+6
Isco23
2017-12-19 14:56:38
Только резинка дебептир да байкуш
+7
Lion.
2017-12-19 17:28:31
Чала
0
nelli
2017-12-19 19:07:57
Рас болуптур. Дагы да чала болот..
+1
Nanei
2017-12-19 20:12:55
Табалабагыла
-1
Totyua.71.
2017-12-19 20:14:31
Эми долларын да жардам бербейт...
+1
Matahara1980
2017-12-20 19:35:57
Totyua.71. Вроде табышты го даарысын австралиялык врачтар
0
muslim87
2017-12-19 23:47:43
Үйбүлөөлүү экенин билип туруп мамиле курганы үчүн, бир үйбүлөөнү бузууга аракет кылганы үчүн өзүнө 15 милион айып пул салыш керек.
+1
gulya583
2017-12-20 03:39:39
Эмнеси сулуу деймда, эч жаккан жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан