Кыргыз тилиндеги билим берүү дисциплиналарын көрсөтүүчү интернет-портал түзүлдү

Кыргызстанда орус тилдүү же англис тилдүү контентти түшүнүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан колдонуучулар үчүн ар түрдүү предметтер боюнча кыргыз тилиндеги билим берүү дисциплиналарын көрсөтүүчү ilimelim.kg интернет-порталы түзүлдү.

Долбоор Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) окутуучулары Руслан Рахимов жана Элира Турдубаева тарабынан демилгеленип, бир катар окутуучулардын колдоосуна ээ болгон. Аны ишке ашырууга “Сорос-Кыргызстан” Фонду толугу менен көмөк көрсөтүп, каржылык жактан колдоп берген. Жалпысынан 140 саатка созулган бул видеокурстарга чет мамлекеттерде квалификациясын жогорулатууда, методологиялык семинарларга, конференцияларга, ошондой эле ар түрдүү долбоорлорго катышып, бай тажрыйба топтогон Кыргызстандагы ЖОЖдордун окутуучулары катышат. Алар прикладдык жана теориялык предметтер боюнча билимдери менен бөлүшүп, видеосабактарды уюштурушат. Мисалы, видеолекциянын форматында “Изилдөөнүн методдору”, “Англис тили”, “Жаштар социологиясы”, “Манас таанууга киришүү”, “Саясат таануунун негиздери” жана башка курстар окутулат.

Аталган видеокурстар студенттерге, мектеп окуучуларына жана ошондой эле кыргыз тилинде билим алгысы келген бардык каалоочуларга багытталган. Курстардын баары акысыз жана бир гана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Көпчүлүк учурда контент окутулуп жаткан дисциплиналардан алынат. Алар БААУнун ТВ-студиясынын базасында видеолекция форматында жазылып, ар бир курстун модели курска тексттик материалдар менен коштолгон видеолекциялардан турат.

Бул долбоордун негизги максаты - колдонуучуларга жеткиликтүү, түшүнүктүү негизде билим берип, керектөөчүлөр менен байланыш түзүү. Курстар ilimelim.kg видеопорталында жайгаштырылып, ошол эле учурда аны ютуб видеоканалынан дагы көрүүгө болот.

Учурда ар бири 7 сааттан турган 20 курсту түзүү иштери жүрүп жатат. Ага Бишкек шаарындагы ар түрдүү ЖОЖдордон 15 окутуучу чакырылган. Видеокурстарды жазуу иштери активдүү түрдө сентябрь айынын аягында башталган жана 2018-жылдын январь айына чейин улантылат. Азыркы мезгилде бул курстардын айрымдары жогоруда белгиленген интернет-даректерде жайгашып, онлайн-режиминде көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Ошондой эле ilimelim.kg`нин ютубдагы каналына жазылып, акысыз видеосабактарды көрсөңүз жана Фейсбуктан Ilim Elim баракчасына жазылып, маалымат алып турсаңыздар болот.


кошулду
“Кыргыз тилинде онлайн-билим берүү” долбоору
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан