Жаңы жылдын алдында “Оптима Банк” Visa Platinum сый акы картасын берүү менен, өзүнүн кардарларын кубантты.
Visa Platinum – бул Visa төлөм тутумунун сый акы картасы. Бул карта негизги төлөм функциясынан сырткары Visa Gold'го салыштырмалуу арзандатууларды жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү дагы көбүрөөк берет.
Картанын өзгөчө бет ачары “Асанбай” арт борборунда 2017-жылдын 14-декабрында өттү. Бет ачар филармониялык оркестрдин коштоосу алдында жылуу жана достук маанайда өттү. Бет ачарда кыргыз эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Банктын кардарлары үчүн “Оптима Банктын” тарыхына 25 жыл” темасында сүрөт көргөзмөсү уюштурулган, анда анын уюшулганынан тартып тарыхын чагылдырган сүрөттөр коюлган.
Банктын 25 жылдык мааракесине жана Visa Platinum картасынын бет ачарына арналып, лотереяда алтын уютмалары, албетте, Visa Platinum сый картасы ойнотулду. Visa Platinum картасы менен Сизге жайлуулук, ыкчам сервис, финансылык эркиндик, ошондой эле төмөндөгүдөй эксклюзивдүү артыкчылыктар кепилденген:
Visa Platinum картасы менен Сиз, таасир калтыруучу финансылык эркиндик, тынчтануу жана өзүңүзгө болгон терең ишеним менен ырахаттана аласыз.
24/7 Күнү-түнү иштөөчү контакт борбор: (312) 90 59 59, 0- 800-100-00-00* («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз, Beeline тармагынын абоненттери үчүн кыска номер: 1001 (чалуу акысыз),
Megacom*: тармагынын абоненттери үчүн кыска номер: 1001 (чалуу акысыз).
Сиз ошондой эле contact-center@optimabank.kg электрондук почтасы боюнча суроо берсеңиз болот.