ТЕСТ: Ит жылы келе жатат. Адамдын досу делген жаныбар тууралуу жакшы билесизби?
Чыгыш календары боюнча жыл сүрүү 12 жаныбарлар цикли менен айланат. Быйыл тоок жылы узап, ит жылы келе жатат. Ит жаныбарлардын арасынан адамга эң жакыны экенин турмуш далилдеген. Иттер өзгөчө уникалдуу жаныбарлар, алар башка жаныбарларга караганда акылдуу, ишенимдүү. Адамдар космоско да бекеринен итти учурушпаса керек. Ит жылы жана бул жаныбар тууралуу билгенимди сынайм десеңиз, бул тест сиз үчүн.