Ушул жылдын 23-декабрында "Эйр Манас" авиакомпаниясы Бишкек-Ташкент-Бишкек алгачкы аба каттамын ишке ашырды. Бул күнү жаңы каттамдын ачылышы салтанаттуу түрдө "Манас" эл аралык аэропортунда өттү. Ага Жарандык авиация агенттигинин жана "Эйр Манастын" өкүлдөрү катышты.
Андан соң аталган авиакомпаниянын логотибинин формасында жасалган торт кесилип, аземге катышкандар таттуу менен сыйланды.
Жергиликтүү авиакомпания тарабынан ишке ашырылган Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамы жумасына эки ирет - шаршемби, ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алдыда аталган каттамды аптасына 4 жолкуга чейин көбөйтүү ниеттери айтылды.
"Эйр Манас" мындан тышкары эми жүргүнчүлөр үчүн дагы ыңгайлуу Ташкент-Ош каттамын сунуштоодо. Бул учурда сиз Оштон Бишкекке же Бишкектен Ошко учуу үчүн өзүнчө билет сатып албай, акчаңыз үнөмдүү болот.
Эске салсак, "Эйр Манас" авиакомпаниясы аркылуу Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Дели-Бишкек, Бишкек-Үрүмчү-Бишкек, Бишкек-Ош-Бишкек, Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамдары жүргүзүлүп келет. Муну менен катар эле Түркияга жана Стамбул аркылуу Европанын шаарларына ыңгайлуу каттамдар сунушталат.