O!Store: "Жаңы жылга белектерди сатып алууга жетишиңиздер"

O!Store дүкөндөр түйүнү туугандарына жана жакындарына жаңы жылдык белек алуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандарын күтөт. Майрамдык акциялар жүрүп жаткан кезде арзандатуулар жана бонустар менен пайдаланып калууга жетишиңиздер! Мобилдүү болуу үчүн керектүү смартфондор, аксессуарлар, пайдалуу тарифтер жана кызматтардын баары бир жерде - O!Store дүкөнүндө.

* O!Phone 4G PRO смартфонун сатып алган учурда баланска +300 сом. Байланыш кызматынын топтому менен бирге О! Мобилдик операторунун фирмалык мыкты смартфону жагымдуу сатып алуу болот. Смартфондо жашооңузду максималдуу түрдө жеңилдете турган «Менин О!», «О!Деньги», «O!TV» сыяктуу тиркемелер жүктөлгөн. Ошентип болгону 6 миң 490 сомго стилдүү дизайн, эки ядролуу кубаттуу процессордун жардамы менен мыкты өндүрүмдүүлүк жана 1 ГБ оперативдик эс-тутумга ээ, 2 SIM-карта менен иштеген, 4G кармаган смартфон сатып алабыз.

* Huawei Y3,Y5,Y7 же P8lite смартфондорун сатып алган учурда кийинки телефонду сатып алуу үчүн 600, 700, 800 же 1000 сом арзандатуу. Логикасы жөнөкөй – ата-энеңизге, балдарыңызга же жубайыңызга телефон алып жатасызбы? Экинчисин арзандатуу менен алыңыз!

* Чексиз экрандуу LG Q6 смартфонун сатып алган ар бир киши О! түйүнүндө баланска +1000 сом алат. 15 миң 990 сомдук орточо баа категориясындагы, флагмандын өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон бул аппарат балатынын алдында кимди гана болбосун кубанта алат, ал эми жагымду бонустун жардамы менен белектин ээси смартфондун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, дароо эле мобилдик интернеттин дүйнөсүнө сүңгүп кетет.

* Каалаган смартфон сатып алган учурда, аксессуарларга 50% арзандатуу алыңыз. Коргогуч айнектерди же каптарды издөө үчүн убактыңызды да, акчаңызды да үнөмдөңүз. 3500 сомго чейинки бардык табитке ылайык, соккуга каршы аксессуарлардын көп түрү сатыкта.

* O!Store дүкөндөрүнөн сатып алганда, бонустар менен арзандатуулардан башка сиз өндүрүүчү фирманын расмий кепилдигин, адистердин кесипкөй консультациясын жана ыкчам тейлөө аласыз. Мындан тышкары, «О!го которул + TV» популярдуу тарифтердин чегинде 50 пайызга чейинки арзандатуу менен смартфонду насыяга да сатып алса болот. Дүкөндөрдү кыдырууга убакыт жокпу? www.ostore.kg сайтынан үйгө жеткирүү менен тапшырык кылыңыз.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Omurbek998
2017-12-27 19:16:26
Тарифтердеги гб тарды да кобойтсо жакшы болмок жаны жылга. 2гб бир жумага емес 2кунго да жетпейтат тункусу скорость жок екен иштевейтат
0
TalaCSKA
2017-12-28 11:41:17
Онун озунун телефонунун батарейкасы видео корсон 1 саат 20 минутка эле жетет экен батарейкасы ошондой болгондон кийин 4G гигабайт процессорунун жакшысынан эмне пайда ? Телевизорго окшош колдоносун зорядкага сайып алып ))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан