Каракол жана Балыкчы шаарларында “Жаштардын ишкерлиги” деп аталган долбоордун алкагында бизнес-тренингдер өттү. Долбоор Борбор Азиядагы Евразия Фонду тарабынан “КумторОперейтинг Компани” ЖАКсынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Тренингдин негизги максаты - айыл чарбасын жана жеке ишкерликти өнүктүрүүнү каалагандар үчүн 10-12 пайыздык үстөгү менен насыя алууга көмөк көрсөтүү.
“Тренингдер 2 тайпа үчүн өткөрүлдү: бизнеси жок, бирок бизнес-идеясы бар башталгыч ишкерлерге жана бизнесин кеңейтүүнү көздөгөн ишкерлерге. Жалпысынан тренингге 50 адам катышып, алардын көпчүлүгүн жаштар түздү. Консультанттар башталгыч ишкерлерге бизнести пландоо, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана салык төлөмдөрү тууралуу түшүндүрүп беришти.
Ал эми бизнесин жүргүзүп жаткан ишкерлерге бизнести кеңейтүүдө тобокелчилик, маркетинг, өндүрүштү жана анын сапатын башкаруу сыяктуу темалар өткөрүлдү. БАЕФ өкмөттүн айыл чарбасын өнүктүрүү программасынын алкагында жаштар бизнес-идеясын жакшылап иштеп чыгып, үстөк пайызы төмөн насыяларды алуусуна жардам көрсөтөт", - дейт фонддун долбоорлор боюнча менеджери Таалайбек Талантбек уулу.
Ал белгилегендей, консультанттар жаш ишкерлерге тренинг өткөргөндөн тышкары насыя акча алуу үчүн керектүү документтерди топтоп берүүгө да көмөктөшөт. Тренингдин катышуучуларынын ар биринин түрдүү идеялары бар, айрымдары мал чарбачылыгы менен иштөөнү пландаган болсо, кээ бирлери кургатылган жер-жемиштер менен, кээ бирлери жашылча-жемиш саткан дүкөн ачууну мерчемдеген.
24 жаштагы Рустам Гемезов Каракол шаарына жашылча-жемиш саткан дүкөн ачууну пландаган.
“Биздин шаарда ар кандай товарлар дүңүнөн сатылган бир нече орундар бар болгону менен, жашылча-жемиш саткан дүкөн жок. Керектөөчүлөр аны сатып алуу үчүн алыс жактарга барышат. Мен тургундарга сурамжылоо жүргүзүп көрдүм, БАЕФтин кеңешчилеринин жардамында маалыматтарды, документтерди топтоп бизнес-план жазуудамын. Менимче, менин бизнес-планым насыя алууга татыктуу”, - дейт Гемезов.
Кызыл-Суу айылынын тургуну Жоомарт Асангазиев “Жаштардын ишкерлиги” долбоорунун алкагында грант алгандардын бири. Ал тренингге күнөсканасын кеңейтүүнүн жол-жобосун угуу үчүн келген. Ал карагаттын көчөттөрүн өстүрүп сатуу менен алектенет.
“Биздин кардарларыбыз – дыйкандар. Биздин көчөттөргө суроо-талап көп болгондуктан мен бизнесимди өнүктүрүүнү көздөп жатам. Мага маркетинг боюнча маалыматтар маанилүү эле, тренингден билбеген нерселеримди үйрөндүм”, - деп билдирген Асангазиев.