"Газпром нефть Азия": "Кардарлардын жайлуулугу жана коопсуздугу биринчи орунда"

"Газпром нефть Азия" компаниясы жыл жыйынтыгын чыгарууда. Ага ылайык, 2017-жылды өнүгүүнүн мезгили, башталган иштердин реалдашуусу, 2016-жылда пландалган иштердин ишке ашуусун шарттаган жыл болду десек болот.

Лидер алмашкан жок

Алсак, "Газпром нефть Азия" мурдагыдай эле Кыргызстандагы күйүүчү жана майлоочу каражаттар рыногунда лидерликти сактап калды. Ошондой эле 300 миң тонна нефтепродукт сатылды. Мунун негизинде мамлекеттин бюджетине 2,5 миллиард сом түштү. Андан сырткары компания нефтетрейдерлердин арасында салык жана башка төлөмдөр боюнча лидер экенин далилдеди.

Сапатка болгон талап өсүүдө

Эки жыл мурун "Газпромнефть" май куюучу түйүндөр тармагы толугу менен ЕВРО-5 экологиялык класстагы нефтепродуктыларын сатууга өткөн. Ал эми 2014-жылдан тарта жакшы мүнөздөмөдөгү G-Drive майы сатыла баштаган. Май куюучу түйүндөр тармагы "Газпром нефть" компаниясына таандык Омскдагы нефтини кайра иштетүүчү ири завод менен иштешет. Ал завод Орусиядагы ар бир 8-литр бензинди өндүрөт.

Аталган завод бир гана ири көлөмдөгү эмес, мыкты сапаттагы, ЕВРО-5 стандарттарына ылайык продукцияларды да өндүрөт. Дал ошол жогорку сапат "Газпромнефть" май куюучу түйүндөрүн башка жайлардан айырмалап, көптөгөн авто сүйүүчүлөрдүн ишенимине кирүүгө мүмкүндүк берди.

"Газпромнефть" кардарларга G-Drive брендиндеги күйүүчү май сунуштаган май куюучу түйүндөр тармагы. Рынок аны алгач шектенүү менен кабыл алса, кийин өлкөдө экология жана кыймылдаткыч үчүн бензинден бир аз кымбатыраак акча төлөөгө даяр айдоочулардын бар экени билинди. Алсак, 2017-жылы G-Drive майын сатуу 2016-жылга салыштырмалуу 30 пайызга өскөн.

Кардарлардын жайлуулугу жана коопсуздугу биринчи орунда

“Газпром нефть Азия” компаниясы “Газпромнефть” май куючу түйүндөр тармагын заманбап жана көп функциялуу комплекске айлантуу үчүн каражат аяган жок.

Май куюучу жайлардын инфраструктурасы өнөр жай жана экологиялык коопсуздуктун катаал талаптарына жооп берет. Кире беришинен май сактай турчу резервуарларына чейин өзгөчө кырдаалга даяр. Ал эми резервуарлар эки кат дубал менен курчалып, өткөргүч түтүктөрдөн бир тамчы май жерге тамбайт. Ошондой эле ар бир кызматкер коопсуздук техникасы жана өтө шашылыш учурда аракетке баруу боюнча окуудан өтүп турушат.

“Газпром нефть Азиянын” объектилерин өнүктүрүүгө 9,4 миллиард сом бөлүндү

Белгилей кетсек, “Газпромнефть” кардарлардын көз карашы боюнча эң ыңгайлуу май куюучу жайлардын бири. Анда бай ассортименттеги дүкөн, айдоочулардын арасында популярдуу DriveCafe, акысыз Wi-Fi жана дөңгөлөккө жел толтуруу кызматтары бар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандус да орнотулган. Учурда май куюучу жайлар бензин эмес, жаңы кайнатылган кофе жана бышырылган азыктар, анан, албетте, комфорт түшүнүгү жаралып калды.

Кардарлардын 70 пайызы лоялдуулук программасына кошулушту

"Газпромнефть" май куюучу жайлардын тармагынан май куюу менен сиз жагымдуу бонустарга да ээ болосуз. Аны биздин ар бир туруктуу кардарыбыз билет. Бонустар “Сапарыбыз бир” лоялдуулук программасын камсыздайт. Катышуучунун картасын колуна алган айдоочу автоматтык түрдө “Газпромнефть” май куюучу жайлардан куюлган майдын баасынан 3 пайызга арзандатуу бонустарына ээ болот. Чогултулган баллды кийин каалаган түйүндөн майга же дүкөндөрдөн башка товарга айлантып алууга мүмкүн.

2017-жылдын жыйынтыгы менен "Сапарыбыз бир" программасынын карталары менен кардарлардын 70 пайызы колдонгон.

"Сиздин чалууңуз биз үчүн абдан маанилүү"

"Газпром нефть Азия" компаниясынын кардарларды колдоо Бирдиктүү борборунун кызматкерлери үчүн бул жөн гана кооз сөз эмес, ар бир күндүн лозунгу. Жыл бою борбордун кызматкерлери тарабынан 60 миңден ашык кайрылуулар кабыл алынып, алардын ичинен ар бири изилденди. Кардарларды колдоо Бирдиктүү борборунун 5151 номери күнү-түнү иштеп, май куюучу жайларга байланыштуу каалаган суроого ыкчам жооп алууга мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле уюлдук телефондон чалуу акысыз.
Мындан тышкары 2017-жылы 21 "Газпромнефть" май куюу жайлары CRM-каалаган учурда кардарлар менен баарлашуу системасы менен жабдылды. Башкача айтканда, бул жерге даттанууларды жана каалоо-тилектерди калтырууга болот. Ал жактагы ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбай, компания ар бир кардарынын ой-пикирин эске алууга жардам берет.

Белектер менен жашоо көңүлдүү!

2017-жылы "Газпромнефть" май куюучу жайларында май куюу, дүкөндөрдөн соода кылуу жана Drive Café’лерден тамактануунун арты менен кошумча бонустарды алууну шарттай турган бир нече кызыктуу акциялар өткөрүлдү. Алардын ичинен эң масштабдуу акция болуп июнь айынан октябрь айына чейин созулган "Кыялыңды утуп ал!" акциясы болду. Анын алкагында 400дөй белектер, 2 адамга дүйнөнүн каалаган жерине саякаттоо жана Ысык-Көлдүн жээктеринде жайгашкан Royal Beach клубдук шаарчасынан 3 бөлмөлүү коттеджде эс алууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул акция "Рекорд" радиосунун түз эфиринде жана "Газпромнефттин" социалдык тармактардагы официалдуу баракчалары аркылуу ойнотулду.

Келечек жөнүндө ойлоп, аракеттебиз

Корпоративдик социалдык жоопкерчилик - келечекке карай багыт алгандарды бизнес үчүн бизнес жүргүзгөндөрдөн айырмалап турат. "Газпром нефть Азия" үчүн корпоративдик социалдык жоопкерчилик - бул студенттер үчүн тажрыйба алууга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо, сыйлоонун үстүндөгү жана борборубузду жашылдандыруу маселелерин чечүүдө ар жылы алып баруучу салттык багыттардын бири.

2016-жылы компанияда "Коопсуздук жана экологияга кам көрүү" боюнча жаңы корпоративдик баалуулук кабыл алынды.

"Калктын ден соолугу жана жашоосу - эң жогорку баалуулук. Эгерде бул коопсуздук тартиптери бузулуу менен ишке ашса, курчап турган чөйрөнү коргоо принциптерине карама-каршы келип, анын артында алынган жыйынтыктар акталбай калды деп эсептелет".

11 жыл ичинде компаниянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ишембиликтердин негизинде 2200 бадал сымал кашаалар, 4200гө жакын гүлдүү өсүмдүктөр жана 670тен ашык бак көчөттөрү отургузулду. Компаниянын тарыхындагы эң ири иш чара - өтүп бараткан жылы Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүндө пайда болгон "Нефтяниктер аллеясы" болду. Бул жаш көчөттөр чоңойгон соң аталган көчө бир нече жылдан кийин борбордогу эң жашыл аймак болору талашсыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан