Жалал-Абад облусунда +3 жаңы O!Store дүкөнү

О! Мобилдик оператору жаңы жылды активдүү баштады – Жалал-Абад облусунун Масы айылында, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларында дароо үч жаңы O!Store дүкөнү ачылды.

О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко: "Биз масштабдуу түрдө бардык кеңселерибизди заманбап дүкөндөргө айландырууну улантуудабыз. Бүгүн жалпы өлкө боюнча О! түйүнүнүн 78 фирмалык филиалдары иштеп жатат. Алардын ичинен 52си жаңы форматтагы дүкөндөр. Эң башкысы, аймактардын тургундарына эч жакка баруунун кереги жок жана «О!го которул + TV» популярдуу тарифинин чегинде 50% арзандатуусу менен смартфондорду насыяга сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындан сырткары, кардарларыбыздын ыңгайлуулугуна жана убактыларын үнөмдөөгө арналган онлайн тапшырыктар үчүн www.ostore.kg сайтыбыз иштейт".

Мобилдүү болуу үчүн керектүү бардык нерсе бир жерде!

Бүгүнкү күндө O!Store – Интернетке туташуу үчүн “акылдуу” түзүлүштөрдүн абдан көп түрү коюлган Кыргызстандагы ири дүкөндөрдүн тармагы болуп саналат. Булар – смартфондор, роутерлер, модемдер, ошондой эле смарт-сааттар, видеокамералар, аксессуарлар, кулаккаптар, тышкы аккумуляторлор, кабелдер, өткөргүчтөр, адаптерлер жана башка көптөгөн нерселер. Бул жерде ар бир кардарга жаңы телефон тандоого жардам берүү менен бирге, аны кантип колдонууну үйрөтүшөт, ырастап беришет жана пайдалуу тарифке кошуп беришет.

Пайдалуу

O!Store дүкөндөрү ар дайым жагымдуу акциялары менен кубантып турат. Мисалга алсак, азыр Huawei Y3,Y5,Y7 же P8lite смартфондорун сатып алган учурда 1000 сомго чейин бонустарга ээ болосуз. Чексиз экрандуу LG Q6 смартфонун сатып алганда 1000 сом жана O!Phone 4G PRO смартфонун сатып алганда 300 сом баланска аласыз. Мындан сырткары, дал азыр каалаган смартфонду сатып алган учурда, аксессуарларга 50% арзандатуу жүрүп жатат.

Ишенимдүү

O!Store дүкөндөрүнөн соода кылганда, бонустардан жана арзандатуулардан сырткары, сиз 100% оригиналдуу өндүрүмгө жана өндүрүүчү фирманын расмий кепилдигине, адистердин кесипкөй кеңеши менен ыкчам тейлөөгө да ээ болосуз.

Жаңы O!Store дүкөндөрүнүн даректери:

Жалал-Абад ш., Ленин көч., 40, "Айгүл" БУМ СҮ сол канаты. Иштөө графиги: 09:00-18:00, дем алышсыз. Бейшемби, жума, ишемби жана жекшембиде, түшкү тыныгуу: 13:00-14:00.

Масы айылы, (Ноокен), Рустам Шерматов көч. (болжолдуу багыт: Автовокзал “Береке” дүкөнү). Иштөө графиги: 9:00-18:00, түшкү тыныгуу: 13:00-14:00, дем алыш – жекшемби.

Майлуу-Суу ш., Ленин көч., 73 (болжолдуу багыт: борбордук базардын маңдайы). Иштөө графиги: 9:00-18:00, түшкү тыныгуу: 13:00-14:00, дем алыш күнү – жекшемби.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zevs
2018-01-09 14:01:16
kalp ele jalalabat dey beresiner sentrden bawka ech jerde internetiner jakwy iwtebeyt.
-2
Okgmobile
2018-01-09 15:49:17
zevs,
саламатсызбы. Жакында масштабдуу техникалык жанылануу болду, кийинки жанылыктарды байкап турунуз. Сиз кайсы жерде жашайсыз, биз сигналдын сапатын текшеребиз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
+1
zevs
2018-01-09 16:03:56
barpyda jawaym suzak rayonuna karawtuu.
0
Okgmobile
2018-01-09 16:52:47
zevs,
текшерүү үчүн номериңизди answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.
0
zevs
2018-01-09 20:20:13
tekwerbey ele koygula baribir tartpayt.
0
Okgmobile
2018-01-10 10:28:02
zevs, саламатсызбы. Текшеруу туйунун онугуусу учун керек болуп жатат, жакшы тартпаган жерлер планга коюлат. А балким аппаратынызды SIM-карта менен текшеруу керек. Ошол учун диагностика керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан