Эгер сиз Кыргызстан боюнча саякаттоону ойлонуп жаткан болсоңуз, саякатыңызды Баткен облусунан баштаңыз. Анын үстүнө азыр Баткен облусунун ар бир районунда: Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунда О! түйүнүнүн сигналы мыкты болуп калды. Кыдырууну жакшы көргөндөргө бул жердин түбөлүк карларга чейин узаган альпы шалбаалары жагат, ал эми уламыштардын сүйүүчүлөрү жергиликтүү тургундардан Бабур шахтын чоң бактары, Александр Македонский падыша жана ай жүздүү Айгүлдүн аты менен аталган Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү гүл тууралуу окуяларды уга алышат.
Эми ажайып каньондору, үңкүрлөрү жана бүт дүйнөгө таанымал палеолиттик эстеликтери менен кошо, өрүкзардын мекени О! мобилдик операторунун 3G жана 4G тармагынын кеңири камтуусу менен да мактана алат. Баткен аймагынын он миңдеген тургундары жана меймандары сапаттуу байланыш, үчүнчү жана төртүнчү муундун ыкчам мобилдик интернети менен пайдалана алышат. Өткөн айда оператордун техникалык дирекциясы төмөндөгү калк жашаган пункттарда жаңы жабдууларды ишке киргизүү боюнча масштабдуу иштерди жүзөгө ашырышты:
Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Сүлүктү шаарларында жана Таш-Кыя, Чал-Таш, Ирилеш, Абдусамат, Баймаала, Андарак, Искра, Панчак, Майдан, Коммуна, Чаувай, Орозбеков, Гүлдерама, Жаңы-Айыл, Элпейсеки (мурунку Ак-Кыя), Кескен-Таш, Гайрат, Сай-Оозу (мурунку Кызыл-Булак), Алга, Чуңкур-Кыштак, Учкун, Лянгар, Миң-Чынар (мурунку Жаңы-Жер), Жаңы-Жер (мурунку Факел), Халмион, Кайтпас, Бургандинское, Бексе, Мыргылжек, Кан (мурунку Советское), Бежей, Малмут, Мойнок, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Кыргыз-Кыштак, Чекелик, Жошук, Ак-Булак, Кара-Булак, Базар-Башы, Кызыл-Бел, Чек, Согмент, Газ, Чарбак, Тенге, Коргон, Шоро, Чарбак-Сай, Патан, Восточный штк., Жаштык, Борбордук (Центральное), Тогуз-Булак, Миң-Жыгач, Көк-Таш, Таш-Булак, Маргун, Кара-Булак, Катраң, Булак-Башы, Раззаков атындагы (мурунку Ленин атындагы), Селькан айылдарында.
О! Мобилдик оператору – Кыргызстан боюнча мыкты байланыш!