Бүгүнкү күндө дүйнөдө 100 миңден ашуун музей бар, ар бири өзүнчө уникалдуу. Дүйнөдөгү искусство жаатындагы эң белгилүү эмгектер түрдүү өлкөлөрдөгү музейлерде сакталып турат. Андагы коллекциялар өткөн доорлордон кабар берип, өзүнө кызыктуу фактыларды камтыйт.
Тарыхка, маданиятка, искусствого кызыккан адам үчүн музей ыйык жайга тете. Кыргыз жергесиндеги жана башка өлкөлөрдөгү музейлер жөнүндө билимиңизди текшерүү үчүн бул тесттен өтүүнү сунуштайбыз.