MegaCom виртуалдык номурунун артыкчылыктарына баа бериңиз

MegaCom компаниясы Кыргыз өлкөсүндөгү мобилдик операторлорунун ичинен алгачкылардан болуп MegaChat тиркемесин ишке киргизди. Заман талабына шайкеш келген бул кызмат MegaCom абоненттери үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Бул ыңгайлуу мессенжер дүйнө жүзүнүн бардык жериндеги бир туугандары, жакындары, достору, өнөктөштөрү менен баарлашууда байланыш кызматтарына сарпталуучу чыгымдарын азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт. Сиз кайсы гана жерде болбоңуз, жакындарыңыз сиздин виртуалдык номуруңузга (аларда MegaChat орнотула элек болсо дагы) “үйдөгүдөй” тарифтер менен чала алышат. MegaChat тиркемесинен колдонуу үчүн болгону интернетке кошулуу гана жетиштүү. MegaCom жаңы мессенжеринде чалууларды гана аткарбастан, чаттарда билдирүүлөр менен алмашып, сүрөт, видео жана башка файлдарды жөнөтүп, өз маанайыңды өзгөчө стикерлердин жардамы менен билдирүүгө болот.

Тиркеменин өзгөчөлүктөрү эмнеде? MegaChat сервисинин артыкчылыктары: жөнөкөйлүк, жеткиликтүүлүк жана байланыш сапаты.

Тиркемеге каалоочулардын бардыгы каттала алышат. Тактап айтканда, сиз MegaCom абоненти боло элек болсоңуз да виртуалдык номурга ээ боло аласыз.

Баарлашуу үчүн ыңгайлуу болгон бул сервистен колдонуу үчүн, өз түзмөгүңүзгө MegaChat тиркемесин орнотуп алууңуз зарыл (Android үчүн Play Market же iOS үчүн App Store).

MegaChat тууралуу толугураак билүүнү кааласаңыз, *780 номуруна чалыңыз же компаниянын расмий сайты аркылуу онлайн-кеңеш берүүчү адистерге кайрылыңыз.

MegaCom: MegaChat тиркемеси – сенин виртуалдык номуруң!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2018-01-15 16:43:41
ошондо менин тушунугум боюнча ватсаптын эле аналогу болобу же кандай? Бул жерде мегакомдун окулу барбы жооп берип коесунарбы, О нун оператору сразу жооп берет го
0
altyw95jan
2018-01-15 16:54:31
Ватсап турганда не кылабыз мегачат сегачатты ощону ойлондунар беле виртуальный номерди иштеп чыгып атканда.эгер сунуштап жаткан неменер ватсаптан артыкчылыгы болсо анда башка кеп
0
kechirmeni
2018-01-15 17:08:29
анан да менин тушунбогон жерим телевизордо рекламада жонокой (даже советский)телефондон колдонсонор да болот дейт го. Бирок бул жерде интернет керек, play marketтен кочургуло дейт. Вообщем бир мегакомдун адиси же ушул кызматты колдонгон бироо бизге окшогон карапайым адамдарга дагы тушундуруп бериши керек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан