О! операторунун мобилдик интернети Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында мурдагыдан да ылдамыраак болуп калды!

Түйүндү активдүү түрдө модернизациялоону улантуу менен бирге О! Мобилдик оператору 3G/4G мобилдик Интернеттин ылдамдыгы кеңейтилген жана байланыш сапаты жакшыртылган жаңы шаарлар жана кыштактар тууралуу маалымат берип келет.

"Азыркы күндө ылдам Интернетке болгон талап мурункудан да жогору болуп калды. Былтыркы жыл менен салыштырганда биз мобилдик трафиктин үч эсеге өскөнүн көрүп жатабыз – түрдүү курактагы көптөгөн кыргызстандыктар жашаган районуна карабастан, облустук борбордон узак болушса дагы социалдык тармактарды, мессенжерлерди активдүү өздөштүрүп жатышат. Ошого жараша пайдалануучулардын Интернеттин ылдамдыгына да талаптары өсүүдө. Бул талаптарга колубуздан келишинче татыктуу болууга аракет жасап жатабыз. Былтыркы абалга салыштырмалуу 4G базалык станциялардын саны эки эсеге өстү, ал эми өлкө боюнча базалык станциялардын сыйымдуулугу дээрлик 2,5 эсеге кеңейтилди. Мындан кийин – мындан да көп ийгиликтер күтөт", - деп ишендирди О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! Мобилдик операторунун техникалык бригадаларынын сыйымдуулукту кеңейтүү жана түйүнгө камтуу боюнча активдүү иштери жүргүзүлгөн шаарлар жана айылдар:

Ысык-Көл облусу: Чолпон-Ата шаарында, Пристань шаар тибиндеги кыштакта, Корумду, Чок-Тал, Маман, Үч-Кайнар, Отузуул, Кереге-Таш, Ак-Өлөң, Бар-Булак, Тогуз-Булак, Ысык-Көл, Тепке, Курбу, Ичке-Жергез, Жаңы-Арык, Ак-Өстөн, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекман, Жети-Өгүз, Липенка, Алкым (мурунку Кызыл-Дыйкан), Конкино (мурунку Калиновка), Ырдык, Комсомольское, Туура-Суу, Тогуз-Булак, Көк-Сай, Комсомол, Бөкөнбаев, Коңур-Өлөң, Колтөр, Дөң-Талаа, Большевик (Эшперев), Фрунзе, Беловодское, Жылуу-Булак, Чоң-Таш, Балбай (Сары-Булак), Түп (мурунку Луговое), Корумду, Чоң-Таш, Көөчү, Песчаный, Ынтымак (Приозерный), Сары-Дөбө, Бирлик, Долон айылдарында.

Нарын облусу: Жылан-Арык, Үгүт, Ак-Кыя, Көк-Жар, Коңорчок (мурунку Чолок-Кайың), Кара-Булуң, Таш-Дөбө, Кардыжарык, Чоң-Дөбө, "Кара-Кече" көмүр кенинде, Чекилдек, Ак-Жар, Ак-Талаа, Дөң-Алыш, Кара-Мойнок, Кара-Булуң, Комсомол, Кара-Күңгөй, Аракел, Оро-Башы, Туз, Достук, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Дөбөлү, Ак-Булуң, Таш-Башат, Кайыңды (Калинин атындагы), Эки-Нарын, Таш-Булак, Жан-Булак, Бирлик, Он-Арча, Эчки-Башы, Кызыл-Жылдыз, Жалгыз-Терек, Бас-Кыя айылдарында.

Талас облусу: Талас шаарында, Кызыл-Октябрь, Көк-Таш, Кара-Суу, Ак-Сай, Бакай-Ата, Кызыл-Кыргызстан, Первомайское, Жон-Коргон, Балыкчы, Кара-Суу, Бейшеке, Жийде, Бакыян, Тамчы-Булак, Маймак, Куру-Маймак, Үч-Эмчек, Өрнөк, Өзгөрүш, Талды-Булак, Ак-Коргон айылдарында.

Чүй облусундагы О! түйүнүнүн өнүгүүсү боюнча кенен материал даярдалганча, 3G/4G байланышын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын эки жүз калк жашаган пункттарына сиздин айылдын кирип кирбегендигин текшерип туруңуз. Түйүндүн жалпы камтуу аймагын толугу менен бул жерден көрсө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (47)
maku88
2018-01-16 12:07:11
О! Рахмат слерге
+2
uli0404
2018-01-16 12:57:00
А биздин Аксыда O! нун интернетинин ылдамдыгы начар.бизде Билайн соонунда
-2
Makkambaev97
2018-01-16 12:58:59
Баткен районунда качан ылдамдыгы жогорулайт
-1
Okgmobile
2018-01-16 14:17:51
Makkambaev97, саламатсызбы. Өткөн айда биздин техникалык дирекциябыз 70тен ашуун калк жашаган пункттарда жаңы жабдууларды ишке киргизүү боюнча масштабдуу иштерди жүзөгө ашырышты. Кененирээк маалыматты бул жерден окуй аласыз: https://o.kg/kg/novosti/3g-i-4g-set-o-okhvatila-eshchye-70-naselyennyy-punkt-batkenskoy-oblasti/

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Jigit2
2018-01-16 13:11:15
Урматуу оператор аксыга коюла элек жаны жол айылына качан коюлат
-1
Okgmobile
2018-01-16 14:28:50
Jigit2, саламатсызбы.
Сиздин айылынызда 2G, 3G стандарттагы дагы байланыш жеткиликтуу. Азырынча кошумча станция коюлбайт.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Jumahmatov
2018-01-16 13:33:02
Саламатсыздарбы! Сокулук районунун жаны жер айылына качан 4G кошосуздар кайрыла берип айта берип чарчадыкго шаардан болгону 25км алыс жерде жайгашкан мегком, Beeline де 4G иштейт ошкада жок жанындагы айылларында бут баарында 4G бар ошкада Жаны жер жанындагы айылдардын баарынан чон бирок 4G жок планда бар деп жооп берип койбой батыраак койгулачы сураныч
0
Okgmobile
2018-01-16 14:24:14
Jumahmatov, саламатсызбы. Кечээ Жаны Жер айылында интернеттин ылдамдыгы жана байланыштын сапаты жогорлотушу учун 3G стандартындагы жаны базалык станция коюлду. 4G станция азырынча коюлбайт. Бирок калоонузду созсуз турдо эске алдык.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Jumahmatov
2018-01-16 16:35:43
Okgmobile,жаны-жерде 3G кечэ кунго чейин мурда эле бар болчу калп айтбаныз 4G эмнеге жакынкы аралыкда орнотулбайт билсек болобу эмне учун чет жердеги кичинекей айылдарга 4G орнотосунар жаны жер Бишкектен болгону 25 км алыста жайгашса дагы деле орното элексинер жана жакынкы аралыкта орнотбойт экенсинер себеби эмнеде?
0
ozgeldi
2018-01-16 14:09:17
Алайда Жошолу деген округ бар О!нун интернети 2G аран кармайт
0
Okgmobile
2018-01-16 14:32:35
ozgeldi, саламатсызбы. Тактап алалы, Сиз кайсы айылда жашайсыз?

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Isco23
2018-01-16 15:49:31
Okgmobile, Гулчо айылынын чет жакасында))
0
Okgmobile
2018-01-16 16:04:15
Isco23,
Гулчо айылында, Гулчого жакын жайгашкан айылдарда 3G/4G стандарттагы байланыш бар. Жаны видео бул жонундо ушул шилтемеден корсонуздор борот: https://www.facebook.com/okgmobile/videos/1779556432084272/
0
Isco23
2018-01-16 16:51:18
Okgmobile,гулчодо зынк базар жок О! Оператору. Рахмат))
0
Rasul94
2018-01-16 14:34:17
ozgeldi,2G де ха хаа
-1
rasan
2018-01-16 16:46:54
Бостериде интернет жакшы эле ылдамдыгы рахмат о!мобилдик операторуна!
+1
Okgmobile
2018-01-16 17:15:23
rasan, саламатсызбы! Аракет кылып жатабыз, рахмат :)

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
aibars
2018-01-16 16:53:04
Thanks O! Amazing network perfect service, multiple easy services. Keep it up. With Regards Aibars.
+2
Isco23
2018-01-16 17:06:46
aibars,Сен англисче билесинби?)))
0
Okgmobile
2018-01-16 17:20:07
aibars, Thank you a lot for this warm regards! Have a good day :)

Sincerely yours,
O! mobile company.
0
ALATOOLUK.JIGIT
2018-01-16 17:08:42
Алабука районунун Жапасалды айылында станция жок такыр. Планынарда барбы орнотуу?
0
Okgmobile
2018-01-16 17:20:28
ALATOOLUK.JIGIT, саламатсызбы. Азыркы учурда, Сиз айтып кеткен айылда 2G жана 3G базалык станциялар иштешет. Кошумча станция азырынча орнотулбайт.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Ramis.Ramis.kg
2018-01-16 17:27:11
Кара Кулжа району Сары Бээ айылына качан койосунар
0
Ramis.Ramis.kg
2018-01-16 17:27:45
1000 ден коп адам жашайт
0
Isco23
2018-01-16 17:43:23
Ramis.Ramis.kg,а канча адам тлф которот. Ошону да тактап жазсан
0
nargiza85
2018-01-16 18:11:24
саламатсызбы? Ат-Башынын айылдарында 3G тартса дагы интернеттин ылдамдыгы жаны жылдан бери абдан начар болуп калды,кечке загруска болуп атат,байланыш да начарлап калды.
0
Okgmobile
2018-01-17 09:33:19
nargiza85, Саламатсызбы!
Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
kutman-kg94
2018-01-16 18:30:15
Охо
0
RaHat19
2018-01-16 18:49:44
курбу айлында байланыш начар болуп атат.текшерип бериниздерчи алдын ала ыраазычылык билдиребиз
0
Okgmobile
2018-01-17 09:34:31
RaHat19,
Саламатсызбы! Сизден дагы текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүш керек болуп жатат. Андан сон Сиз менен кайра байланышабыз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
Atas
2018-01-16 19:48:43
Саламатсыздарбы виртуалду номур деген кызматынар барбы ,жок болсо кылып койсонор жакшы болот эле
0
Okgmobile
2018-01-17 09:38:36
Atas, саламатчылык!
Сиздин сунушунузду созсуз турдо эске алдык. Компаниябыз дайыма жаны сервистердин чыгарууга умтулат. Биздин жанылыктарыбызды байкап турунуз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан