Бишкек-Ош унаа каттамынын Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашуу ашуусунда, ошондой эле Ысык-Көлгө бара жаткандагы Боом капчыгайында О! түйүнүнүн туруктуу сигналы бар. Эске сала кетсек, былтыр күзүндө өлкөнүн эң маанилүү транспорттук артериясынын стратегиялык тилкесин байланыш менен камсыз кылган Чычкан ашуусундагы байланыш линиясын куруу боюнча эң татаал долбоор аяктаган.
"Биздин абоненттердин саны интернет-кызматтарыбыздын кеңири диапозону жана пайдалуу баалары үчүн ар дайым көбөйүүдө. Пропорциялуу түрдө пайдалануучу кызматтардын трафиги да, жабдууларга болгон жүктөмдөр да өсүп жатат. Түйүндүн кардарлардын улам өсүп жаткан керектөөлөрүнө толугу менен жооп бериши үчүн декабрь айында аны модернизациялоо боюнча борбор шаарыбызды жана Чүй облусунун 95 калк жашаган пункттарын камтыган масштабдуу ишти жүргүздүк", – дейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
Байланыштын сапатын жакшыртуу жана 3G/4G Интернеттин ылдамдыгын көбөйтүү иштери Кант шаарын, ошондой эле Чүй облусунун көптөгөн айылдарын камтыды: Төмөнкү Норус, Ыраакы Арал, Арал, Белек, Ак-Жол, Жыламыш, Панфилов атындагы, Түз, Национальное, Алмалуу, Дачное, Кайырма, Бирдик, Хунчи, Ак-Кудук, Талды-Булак, Ленин атындагы, Кара-Ой, Мраморное, Гроздь, Сосновка, Моңолдор, Сарыбулак, Ийри-Суу, Жайыл (Большевик), Орто-Суу, Ак-Башат, Бикетай, Бөксө-Жол, Степное, Ставрополовка, Өрүктү, Жон-Арык, Кыз-Кыя, Ак-Түз, Ильичевское, Бейшеке, Тарсуу, Калмак-Ашуу,Төрт-Күл, Подгорное, Борду, Алмалуу, Кашка (Бордунский шаар тибиндеги кыштак), Кепер-Арык, Кызыл-Дыйкан, Жарды-Суу, Кош-Дөбө, Большевик, Предтеченка, Чоң-Арык, Мураке, Төмөн-Суу, Ак-Башат, Крупское, Тельман атындагы, Букара, Кум-Арык, Орто-Кайырма, Кара-Булак, Эркин-Сай, Комсомольское, Ивановка, Буденовка, Кеңеш, Арчалы, Полтавка, Новониколаевка, Калининское, Военно-Антоновка, Көк-Жар, Дружба, Гидростроитель, Кең-Булуң, Чолпон, Кашка-Суу, Малиновка, Бир-Булак, Озерное, Гидростроитель.
О! Мобилдик операторунун түйүнүнүн камтуусунун интерактивдүү картасы менен компаниянын сайтынан таанышса болот.
О! мобилдик түйүнүнүн байланышынын жана интернет ылдамдыгынын жакшыртылышы жөнүндө: