"3-4 күндүн ичинде сатып бүтүрүү үчүн бизде 2 ящик жаңы кайнатылган сыра, 4 сатуучу жана көк түстөгү унаабыз бар эле".
Абдыш-Ата заводунун коммерциялык директору менен болгон маегибиздин башталышы “Лас-Вегастагы коркуу жана жек көрүү” кинотасмасындагы жогорудагыдай цитатаны эске салат. Чындыгында эле 17 жыл мурун, декабрдын суук күндөрүндө ушундай болгонун айтат директор. Бул окуя көздөрү балбылдап күйүп, эбегейсиз чоң ой-максаттарын ишке ашырган адамдар жөнүндө.
Мунун баары эмнеден башталган?
Чоң тарыхы бар "Кант" шекер заводу ошол учурда шекер чыгарчу эмес. Кайсы бир учурда жаңы жабдууларды коюп, сыра чыгарып баштоо чечими кабыл алынган. Жумуштан кийин чыныгы, накта сыраны ичкиң келет, бирок кантип? Жакшы, жаңы жасалган сыранын сактоо мөөнөтү аз гана күн. “Демек, кайнатып, тез арада сатабыз” деген чечим чыгарылган.
17 жыл мурун Жаңы жылдын астында Бишкектин базарларында ошол учурда жаңы “Биздин” сыранын сатуучулары пайда болушту. Ал сыра “Буратино” лимонады куюлган бөтөлкөлөргө куюлуп, жаңы кайнатылары менен чыгарылып турду. Бирок дагы деле бизди түйшөлткөн суроолор жаралып жатты, ал суроолор - элге жагабы? Кабыл алышабы?...
Сатуучулар эшикте үшүп, тынчсызданып турушту, бирок бардыгы ийгиликтүү аяктады. Биринчи партиясы тез аранын ичинде сатылып кетип, жаңы ящиктерди алып келгенге жетишпей жатышты. 2000-жылдын аягына чейин 500 литр сыра кайнатып чыгарганга үлгүрүштү. Бүгүнкү күндүн көлөмдөрүнө салыштырмалуу бул абдан аз, бирок так эле ушул сан “Биздин” сыранын келечеги бар экенин көрсөттү.
Татаал тандоо: сапатпы же көлөмбү?
Эл аралык тажрыйбаны карасак, сыра заводдору башында өтө кичинекей болуп жана алардын өндүрүмү белгилүү гана кичине аймактарында сатылчу. Кайрадан эле жарактуулук мөөнөтү. Эгер сыраны алыс жерге жиберсе, ал жолдон бузулуп кетет. Ошол себептен, мисалы, Германияда сыранын ар кандай маркалары жана түрлөрү көп.
"Абдыш-Ата" кайчы пикирге туш болду: табигый эмес сыра жасап, бирок сактоо мөөнөтүн бир нече айга чейин жогорулатуу же өтө аз партия менен сатуу. Биринчи тандоо дароо эле эсептен алынды, анткени “Биздин” сыра элдин көңүлүнө даамы менен жагып калды, экинчиден өсүп-өнүккөнгө мүмкүнчүлүк бербейт. Жардамга жаңы технологиялар келди-пастеризация жана муздак чыпкалоо системасы. Заводдогу жаңы немис жабдуусу сыраны ошол эле даам жана сапатта, бирок сактоо мөөнөтүн 10-15 эсеге көбөйтүп чыгарганга мүмкүнчүлүк түздү.
Кантип мындай болушу мүмкүн экендигин түшүнүү үчүн заводдун ичине баш багып, таанышып көрөлү.
Ички көрүнүш...
Чыныгы сыранын рецепти жөнөкөй - кулмак менен угутту аралаштырып, суу куюп, кайнатып ширелентүү керек. Сыйкыр пропорция түзүлүп жана сыранын кармоо мөөнөтү текшерилгенден кийин башталат. Абдыш-Атада бул иш менен жалпы технологдор бөлүмү алектенет . Бул уникалдуу адамдар, сомелье сыяктуу сыранын даамын, жыпар-жытын аныктай алышат. Бирок ушул эле учурда жабдуунун заводдо кандай орноштурулганын жана эмне иштерди аткарарын билишет.
Заводдогу жалпы өндүрүш процесси автоматташтырылган, кызматкерлер бардык көрсөткүчтөрдүн нормасын көзөмөлдөп, керектүү процесстерди өз убагында жүргүзүп турушат. Ошентип сыра ар дайым бирдей жасалат.
Сыранын кайнатылышынын негизи жүз жылдап өзгөрбөйт, ал эми заводдордун түзүлүшү өзгөрүшү мүмкүн. "Абдыш-Атада" дайыма стерилизацияланган тазалык өкүм сүрүп турат, бирок жакында мындан дагы катуу көзөмөл болуп турарына бизди ынандырышты. Завод эл аралык базарга чыгып, санитардык тазалыгын жана коопсуздук нормаларын күчөтөт.
Биз ар кайсы лабораторияны кыдырып, бул жерде иш бир мүнөт убакытка дагы токтобостугун көрдүк. Бул жерде чийки заттын жана даяр азыктардын сапаты, спирттик пайызы, тунуктугу, коопсуздук нормалары жана стандарттарына дал келүүсү текшерилип турат.
17 жылдын ичинде "Абдыш-Ата" кичинекей ишканадан абдан чоң заводго айланды. Мунун баары элдин көмөгү менен болду.
Бул эмне үчүн болду?
Заводдо көптөн бери иштеген адамдардын айтуусу боюнча, ишкананын ийгилигинин эч кандай сыры жок, бир гана өз пайдасына карабай, элдер үчүн көп жана жакшы иштөө керек.
“Сапаттуу продукт өндүрүү” деген негизги максаты жылдар бою өзүн базарда ийгиликтүү сактап калууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары жаңы ичимдиктерди чыгарат. "Абдыш-Ата" - бул бир гана сыра эмес, витаминдештирилген суу, энергетикалык жана квас ичимдиктери.
Азыркы учурда заводдун продукциясы өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы дүкөндөрдүн текчелеринде турат. Жакын арада чет өлкөлөрдө дагы пайда боло баштайт. Ар бир бөтөлкө - бул көптөгөн, өз жумушун берилип, сүйүп иштеген адамдардын эмгегинин жемиши.