"Адегенде мени жаш бала деп көбү ишене беришчү эмес. Кардар топтоо оңойго турбаганына карабай, азыр күнүнө 15-20 адамды кароого жетишип жатам" деген тиш доктур Рустам Торогелдиевди "жылдыздардын стоматологу" деп да аташат. Себеби анын кардарларынын негизги бөлүгүн кыргыз шоу-бизнесинин атактуу жылдыздары түзөт. Алгач чакан стоматологиялык кабинеттерде тиш доктур катары иштеп жүрүп, андан чогулткан каражатына өткөн жылдын ноябрь айында "RuStom" деп аталган өзүнүн жеке клиникасын ачкан жаш стоматолог азыркы деңгээлге кантип жеткени тууралуу маек куруп берди.
Туулган жылы - 20-август, 1988-жыл;
Туулган жери - Бишкек шаары;
Билими - Кыргыз-Орус Славян университетинин стоматология бөлүмүн аяктаган;
Үй-бүлөлүк абалы - Бойдок.
- Рустам, сизди интернет аркылуу көрүп жүргөнүбүз менен, сиз тууралуу маалыматыбыз аз. Мүмкүн болсо өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?..
- Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Улуусу мен, анан карындашым бар. Учурда апам, карындашым үчөөбүз чогуу турабыз. Токтоомун. Кичинемден бери ушундай мүнөздүн ээси болгондуктан "чоңойгондо ким болосуң?" деген суроого жооп бере алчу эмесмин. Башкалардай болуп көп деле кыялданчу эмес окшойм. Учурдагы кесибимди тандап калуума апамдын салымы чоң. Мектепти аяктаган соң апамдын "тиш доктурдун кесибин окусаң, келечеги кең, жумуш да оңой табылат" деген кеп-кеңешин угуп, Кыргыз-Орус Славян университетинин тиш доктурлук бөлүмүнө тапшырып көрүүнү чечкем. Кудай буюруп, окууга өтүп, 2011-жылы ийгиликтүү аяктап алдым.
- Чынында эле жумуш табуу оңой болдубу?
- Жумуш табуу кыйынчылык жаратпаганы менен, кардар топтоо оңойго турган жок. Анын үстүнө мени көргөн кардарлардын баары баласынтып, анча ишене беришчү эмес. Бир-эки адамдын тишин жасаган соң, алар "колу жеңил экен, оорутпай жасайт" деп өздөрүнүн тааныштарын ээрчитип келе башташты. Ошентип бара-бара алар менин жеке кардарларыма айланышты. 6 жыл чакан стоматологиялык кабинеттерде иштеп жүрүп, чогулткан каражатыма өткөн жылдын ноябрь айында "RuStom" аталышындагы жеке клиникамды ачтым.
- Азыр күнүнө канча кардарды тейлөөгө жетишесиз?
- Кудайга шүгүр, азыркы учурда кардарларымдын саны көп. Өзүм соңку учурда жалаң гана брекет менен иштеп жаткандыктан күнүнө 15-20 кардарды тейлөөгө жетишем. Ал эми клиникада менден сырткары дагы 5 адам иштейт. Алар тиштерди дарылоо, пломба коюу, тиш салуу жана башка жумуштарды аткарышат. Мурда жеке клиника ачсам өзүм директор болуп, жарым күн гана иштеп, калган учурда кызматкерлерди башкарып отурсам деп кыялдана берчүмүн. Тескерисинче, жеке клиника ачкандан бери дем алышсыз, ал гана эмес кечки саат 8-9дарга чейин иштеп калдым. "Иштеген тиштейт" деген чын экен, канчалык көп иштеген сайын кардарлардын саны да ошончолук өсүүдө.
- Кардарларыңыздын баары көрсөткөн кызматыңызга канааттанабы же арасында нааразы болгондор да барбы?
- Колдон келишинче ар бир адамдын купулуна толгондой кызмат көрсөтүүгө аракет кылабыз. Бирок арасында түшүнбөстүк жаралган учурлар да кездешпей койбойт. Бир жолу кызыктуу жагдай болгон. Тактап айтканда, кардар тиш койдуруу үчүн келген. Алгач тишти ченеп, анан өлчөмүнө жараша техниктерге буюртма беребиз да. Ал адам ченеп жатсак эле, "Ушулбу? Мен башкача болот деп ойлогом. Бул тиш мага жаккан жок, сени "жылдыздардын стоматологу" деп эл мактаганынан келгем! Көрсө, жылдыздар калп эле мактай беришет турбайбы" деп урушуп кирсе болобу. Жакшы эле түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок кеп-сөзгө келбей койгондуктан акчасын кайтарып, тейлөөдөн баш тартууга туура келген.
- "Жылдыздардын стоматологу" демекчи, алар менен кандайча иштешип калдыңыз? Эмне үчүн атактуулар сизди тандашат?
- Атактуулардан эң биринчи болуп эгиз бир туугандар, модель жана актриса Мадина, Медина Талипбековалар келишкен. Алар аркылуу эжеси Чолпон Талипбек да келип, дайымкы кардарларыма айланышкан. Кийин биринен-бири угуп, көптөгөн белгилүүлөр кайрыла башташты. Азыркы учурда Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Иса Өмүркулов, Малика Дина, Анжелика, Асема, Айдана Дека баштаган бир топ чыгармачыл инсандар дайымкы кардарларымдын катарын толукташат. Эмне үчүн алар мени тандай турганын айта албайм, менимче, колумдун жеңилдигинен улам болсо керек.
- Атактуулар менен иштешкениңиз кардарлардын санын да өстүрүүгө таасир берсе керек?
- Көбү социалдык тармакта таанымал болгону үчүн кардары көп деп ойлошот. Кээде интернет колдонуучулар "сиз жалаң гана жылдыздарды тейлейсизби же жөнөкөй жарандар да жазылса болобу?" деген суроолорду узатып калышат. Чынын айтсам ал жакка катталганыма 2 жылдай гана убакыт болду. Соңку 2 жылдагы кардарларым эле интернеттен угуп келишпесе, ага чейинки кардарларымдын саны азыркыга караганда басымдуулук кылат.
- Кызмат акыңыз карапайым калктын чөнтөгүнө туура келеби?
- Албетте, башка стоматологиялык клиникалардын баасы менен бирдей эле. Мисалы, тишке пломба коюу 900 сомдон өйдө. Брекеттер металлдан болсо 27 миң, керамика 39 миң, сапфирден жасалса 49 миң сомго бааланат. Брекетти орто эсеп менен 1 жыл тагынса, сөзсүз түрдө жакшы жыйынтыгын берет. Ал эми тишти 6 айда бир сөзсүз түрдө тазалатып туруу кажет, ал 1600 сомду түзөт. Ошондой эле муктаж болгон адамдар абдан көп кайрылышат. Аларга жардам берип, кайрымдуулук иретинде акысыз кызмат көрсөтөбүз.
- Жогоруда дем алышсыз иштейм деп айттыңыз эле, анда эс алууга, жеке жашоого кантип убакыт табасыз?
- Чынында акыркы учурларда жумушум экинчи үйүм болуп калды. Кээде жумуштан кечки саат 6-7лерде чыгып калам, бул мен үчүн эрте (күлүп). Ушул күндөрү досторум менен жолугушуп, чер жазууга убакыт болот. Ал эми жеке жашоомдо тынч, сүйлөшкөн кызым жок. Ошентсе да өзүмө 1-2 жылда үйлөнүшүм керек деп шарт койгом.
"Эмне үчүн жылдыздар Рустам Торогелдиевди тандашат?" деген суроого жоопту анын өзүнүн кардарларынын оозунан угуу максатында ырчы Чолпон Талипбек менен байланыштык.
"Рустам абдан жөнөкөй, адамгерчиликтүү бала. Ага мындан 2 жыл мурун өзүмдүн сиңдилеримдин жана досторумдун сунушу менен баргам. Ал кезде чакан клиникалардын биринде иштечү. Андан бери бир канча жолу иш ордун алмаштырды. Ага карабастан каякта иштебесин, ошол жакка барчубуз. Себеби абдан колу жеңил, дайыма күлүп-жайнап жакшы тосуп алат. Эми өзүнүн жеке клиникасын ачып, көптөгөн ийгиликтерди багынтып келе жатат. Азыр биз үй-бүлөбүз менен Рустамга кайрылып турабыз", - дейт ырчы.
Ал эми ырчы Айдана Дека "Рустам Торогелдиевге кайрылгандан бери тиш доктурлардан корккон фобиям жоголду" дейт.
"Мен кичинемден бери тиш доктурлардан абдан коркчумун. Бирок Рустам байкеге кайрылгандан бери, ал фобиям жоголду. Анткени ал абдан жумшак мүнөз адам болгондуктан, акырын сүйлөп жатып эле тиштерди дарылап коёт. 100 пайыз ишенимдүү түрдө аны өз ишин мыкты билген дасыккан адис деп айта алам", - деди ал.
Рустам Торогелдиевдин Инстаграмдагы баракчасына бул шилтеме аркылуу кире аласыз.
Байланыш телефону: 0550 11 11 08.