Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн май куюучу 10 жайдын даректери (тизме)

Интернетке коомдук ишмер Аскар Турдугуловдун кезектеги видеосу жарыяланды. Анын буга чейин да коомдук жайларда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ылайыктуу шарттар түзүлгөндүгүнө байкоо жүргүзүп келгендиги белгилүү.

Бул жолу Турдугулов "Газпромнефттин" Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайында эксперимент жүргүзгөн. Анда аталган даректеги май куюучу жай ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлуу экендиги белгилүү болгон.

"Газпром нефть Азия" ишканасынан маалымдалгандай, учурда аталган компаниянын май куюучу 10 жайында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн комплекстүү шарттар каралган:

1. Дүкөнгө кирүүгө ылайыкташкан пандустар;

2. Дүкөндүн ичинде араба менен жүрүүгө ыңгайлашкан кенен коридорлор;

3. Товарлар жайгашкан ачык текчелер жана муздаткычтар;

4. Атайын кармагычтары жана жардамга чакыруу үчүн баскычтары бар дааратканалар жайгашкан. Эгер кардарга жардам керек болуп калса, ал май куюучу жайдын кызматкерин атайын баскычты басып чакыра алат.

Жардамга чакыруу баскычыУнаага май куюу же башка кызматтарды пайдалануу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар машинанын сигналын 3 жолу басышы керек же колун шилтөөсү зарыл. Бул учурда май куюучу жайдагы жумушчулар чыгып, кызмат көрсөтүүсү керек.

Компанияга чалуу борбору 5151 номери аркылуу жүргүзүлөт (мобилдик телефондон чалуу акысыз)

"Компанияда кардарларды колдоо боюнча бирдиктүү чалуу борбору 5151 номери аркылуу жүргүзүлүп, күнү-түнү иштейт. Борборго келген суроолор, сунуштар же арыздар сөзсүз түрдө эске алынат. Ошондой эле кардарлар кайрылган маселени аз убакыттын ичинде чечүү аракеттери көрүлөт", - деп билдирди "Газпром нефть Азия" компаниясынын маалымат катчысы Айжан Тыналиева.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу болгон май куюучу жайлардын даректери:

1. №5-май куюучу жай. Бишкек шаары, Кулатов көчөсү 9Б;

2. №8-май куюучу жай. Бишкек шаары, Чүй көчөсү 39А;

3. №11-май куюучу жай. Бишкек шаары, Горький көчөсү 1/4;

4. №13-май куюучу жай. Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү 179;

5. №16-май куюучу жай. Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү 17 Б;

6. №29-май куюучу жай. Бишкек шаары, Сыдыгалиев көчөсү 7/1;

7. №30-май куюучу жай. Бишкек шаары, Сухэ-Батор көчөсү 1;

8. №31-май куюучу жай. Бишкек шаары, Улан кичи району 2/1;

9. №38-май куюучу жай. Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 102 А;

10. №50-май куюучу жай. Кара-Балта шаары, Жайыл баатыр көчөсү 176.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан