Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленет. “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чара 3-февраль күнү саат 11:00дө "ASIA MALL" соода борборунда башталат. Аталган иш-чарада коомдогу активдүү айымдардан пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар өткөрүлүп, Бишкектеги мыкты мастерлердин колунан мехенди, креативдүү фото-стенддер, конкурс жана викториналар уюштурулуп, баалуу белектер болмокчу. Иш-чараны белгилүү алып баруучу, ырчы Мукарам Мадаминова алып барат. Бишкек шаарында жашаган эже-сиңдилер үчүн иш-чаранын эшиги ачык, кирүү акысыз.
Ал эми дал ушундай иш-чара 1-февралда Ошто орун алмакчы. Аны “Умма” журналынын Оштогу ыктыярчылары, “Умма-Ош” командасы өткөрөт.
Эскерте кетсек, “Умма” ислам журналы Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн бул жылы Бишкекте 3-ирет, ал эми Ошто 2-ирет уюштурууда. Аталган иш-чаралар коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, түрдүү улут, курак, кесип, көз караштагы айымдарды бир аянтчага топтоп, өз ара диалог түзүүгө шарт түзүүдө.
Өткөрүлгөн иш-чараларда жоолуктун исламдагы, дегеле аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу айтылып, бүгүнкү күндө жоолук салынган кыздардын кандай көйгөйлөргө туш болору, калыптанган жаңылыш ой-пикирлерди жокко чыгаруу, түрдүү көз караштагы айымдарды үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук сыяктуу жалпы темаларда бириктирип, диалогго чакыруу маселелери көтөрүлөт. Бул иш-чараларга коомубуздун активдүү айымдары калбай катышып келишет.
Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү дүйнөдө 2014-жылдан бери 1-февралда белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.
3-февралда өтө турчу иш-чара боюнча толук маалымат алуу үчүн www.ummamag.kg сайтына кирип же 0772 44 79 26, 0554 65 77 75 номерлерине байланышка чыксаңыздар болот.
Келип, бир туугандык, достуктун атмосферасында эс алып, өзүңүз үчүн пайдалуу маалыматтарга ээ болуп кетиңиз!
Унутпаңыз! 3-февралда саат 11:00дө "ASIA MALL" соода борборунун 3-кабатынан жолугабыз!