“Бакай Банк” ийгиликтүү сатуунун жана сатып алуунун инструменттерин сунуштайт

Эскроу-эсепти пайдалануу сатуучу менен сатып алуучуга милдеттердин аткарылышын камсыздайт, ишти үзгүлтүккө учуратуу же алдамчылык коркунучтарын азайтат. Эскроу-эсеп акча каражаттарды толтуруу үчүн эмес, иш боюнча милдеттердин так аткарылышын камсыздоо үчүн ачылат.

Эскроу-эсеп (англис тилинен “escrow”) – ишеничтүү эсептердин түрлөрүнүн бири, ал дүйнөлүк практикада коопсуз соода операцияларын жасоодо кенен колдонулат. Эскроу-эсепте мүлк, документтер, баалуу кагаздар же акча каражаттар тиешелүү милдеттер аткарылганга чейин сакталат.

Эскроу-эсептин схемасы жөнөкөй: сатып алуучу жана сатуучу сделканы жана бул ишти аткарууга керектүү бардык шарттарды макулдашышат. Андан соң банкта эскроу-эсеп ачылат, сатып алуучу ага сатуучу менен макулдашылган акча каражатты салат. Эсептин көлөмү сатып алына турган кыймылсыз мүлктүн баасына тең болот. Бардык тараптар бул эсептеги сумманы ар убакта текшере алат. Сатып алуучу акча каражатты алдын ала макулдашылган тизме боюнча документтердин бардыгы аткарылып толтурулгандан кийин ала алат. Банк бардык макулдашуулардын сакталышын карайт.

“Бакай Банкта” Эскроу-эсепти юридикалык жана физикалык жактар да, жеке ишкерлер да ача алышат.

  • Эскроу-эсепти ачуу, жабуу, эсепти жүргүзүү жана акча каражаттарды акчалай берүү кызматтары “Бакай Банкта” акысыз.
  • Өз кезегинде “Бакай Банк” эскроу-эсепте акча каражаттардын коопсуз сакталышын жана аларды өз убагында негиздүү кайтарууну камсыздайт.
  • Кардарлардын комиссиясы сделканын суммасынан пайыздын үлүшүн аныктайт (0,2% мин. 1500 сом). Ал же тараптардын бирине төлөнөт, же келишим боюнча төлөнөт.
  • Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн эскроу-эсепти беш валютада ачса болот: сом, доллар, евро, рубль, юань.

Өзүңүздүн юридикалык укуктарыңызды жана каржылык кызыкчылыктарыңызды коргоо үчүн “Бакай Банкта” эскроу-эсепти ачуу боюнча кененирээк маалымат алыш үчүн консультанттар менен контакт-борборунун телефон номуру аркылуу байланышыңыз: (0312) 61-00-61 же банктын кеңселеринен маалыматты алыңыз.

***

“БАКАЙ БАНК” 19 жылдан ашуун Кыргызстандын жарандарына кенен каржылык кызматтарды көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70тен ашуун филиалдары жана аманат кассалары тез жана ыңгайлуу тейлөө көрсөтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан