Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин дене тарбия жана спорт боюнча коомдук бөлүмү Массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өткөрөт. Айта кетсек, 14-15-июнь күндөрү кичи футбол, 21-июнда бильярд, 28-июнда чуркоо боюнча спорттук иш-чаралар өтөт. Мелдешке 18 жаштан жогорку кызматкерлер катышмакчы.